Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Камила Дүйшөбаеванын киши колдуу болушу. Аида Салянова анын агасын эмнеге АКШда кармашкандыгын түшүндүрүп берди

Экс-башпрокурор анын тууганынын бул чуулгандуу кылмышка тийешеси жоктугуна ишенет

Экс-башпрокурор Аида Салянова анын агасы Калыбек Саляновдун Камила Дүйшөбаеванын өлмүнө тийешеси жоктугуна ишенет. Бул тууралуу ал бүгүн маалымат жыйынында билдирди.

- Мурда ИИМ коллегиясында укук коргоочулар Калыбек Саляновду АКШда камила Дүйшөбаеванын өлүмүнө шектүү катары кармады деп билдиришкен болчу, - деп эскертти Аида Салянова. Алардын сөзү боюнча ал иш эми ачыкка чыгат экен. Бирок милиция коомчулукту адаштырууга аракет жасап жатат.

Салянованын сөзү боюнча, анын агасын чындыгында АКШ миграция мыйзамын сактабагандыгы үчүн кармашкан, ал эми Камила Дүйшөбаеванын иши тууралуу шектүү катары таптакыр өткөн эмес.

- Бул билдирүүдөн саясат жасап жиберишти, - деп белгиледи ал. - Анткени тергөөчүлөл саунанын ээси Насыр Алмаматовду мага Калыбек Салянов видеобайкоодогу жазууну өчүр деген деп көрсөтмө бергенге мажбурлашкан. Бирок ал таптакыр андай эмес, тескерисинче, ошол видеокамерадагы жазуу анын күнөөсүз экендигине далил болмок. Бизде милиция кызматкерлери өздөрү «жесткий дисктеги» маалыматтарды өчүрүп салган деген маалымат бар. Токулган кылмыш ишин көргөн Саляновдун жактоочулары мурдагы ички иштер министринин орун басары Данияр Абдыкаровго кылмыш ишин козгоо өтүнүчү менен кайрылышкан. Бирок ал канааттандыруусуз калган.

Экс-башпрокурор тергөөгө саунада ошол Дүйшөбаева өлгөн күнү Калыбек Салянов менен кимдер бирге болгондугу баары белгилүү экендигин кошумчалады.

- Алардын баары тергөөчүгө сурак беришкен, ошондуктан видеожазуунун бар же жок экендиги деле мааниге ээ эмес, - дейт ал. - Ошентсе да ИИМ ушул өчүрүлгөн видеого коомчулуктун көңүлүн бурганга кызыкдар болуп жатат.

Коомчулукту Саляновдун жоктугуна байланыштуу иш создугуп жатат деп адаштырып жатышат. Бирок ал бул иште эч качан шектүү катары өткөн эмес. Аны «иликтөөгө тоскоолдук кылды» деп айыпташкан. Калыбек Салянов өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз боду, анткени анын өмүрүнө коркунуч жаралган болчу. Ал өз өмүрүнүн коопсуздугунан чочулады жана өзү кылбаган кылмыш үчүн түрмөгө отургусу келген жок.

Эске салсак, ИИМ 5 жылдан бери 19 жаштагы Камила Дүйшөбаеванын чуулгандуу өлүмүнө себепкер кишини таба албай келет. Кызды Бишкектин четинен өзүнүн моюн оргучуна муунтулган абалда табышкан. Бул кылмыш коомчулукка жогорку бийликтеги адамдардын аты атала баштаганда гана белгилүү болгон.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх