Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Саламаттык сактоо Министрлигинин кымбат жол тандабасын Жогорку Кеңештегилер айткандан кийин көздөн далда кылыштыбы?

Депутат Исмаилова мекеменин жетекчилиги кандай машина мингендигин айтып берди

Депутат Аида Исмаилова саламаттык сактоо министринин кымбат жол тандабасы Кыргызстандын медицинасына кантип жардам кылып жаткандыгына айран таң калат. Бул тууралуу ал парламенттин пленардык жыйынында билдирди.

- Мен айрым бир документтер менен таанышып жатып, биздин өкмөттүн Дүйнөлүк банктан каржылык жардам сурап жаткандыгын аныктадым, - деп белгиледи ал. - Акча эне менен баланын саламаттыгын сактоо жаатында медициналык жардамды жакшыртууга бөлүнүптүр. Натыйжада гран бөлүнүп берилген.

Исмаилова андан мурдараак саламаттык сактоо Министрлигинин башчысы Космосбек Чолпонбаев ал кызматка келгиче эле Дүйнөлүк банк сатып алуунун планына кымбат баалуу машиналарды киргизип койгондугун, эми андан баш тарта албастыгын тастыктагандыгын эске салды.

- Анткени менен кудум ошо саламаттык сактоо Министрлиги кымбат баалуу машина сатып алуу боюнча саясий чечим чыгарган, - деп түшүндүрдү ал. - Ушундан улам менде министр кымбат баалуу машиналарды сатып алуу менен кантип медицинаны жакшыртат деген суроо пайда болду. Бул кызматтык абалдан кыянаттык менен пайдалануу жана гранттык каражаттарды максатсыз коротуу. Саламаттык сактоо Министрлигинин автопаркы 40 машинадан турат. Мунун ичинде райондук бөлүмдөрдүн да автомоболдери бар. Бирок мен министрликтин жетекчилигинин машинасына токтолгум келип жатат. Министрдин карамагында 2008-жылкы Тойота Ленд крузер, кыймылдаткычтын көлөмү 4 куба, статс-катчы болсо 2013-жылкы Тойота Ленд крузер Прадо менен жүрөт. Министрдин орун басарынын мингени 2008-жылы чыккан Ниссан Патрол, министрдин экинчи орун басары болсо 2000-жылы чыккан Лексус 470. Көрсөтүлгөн унаалардын баарынын кыймылдаткычтарынын көлөмдөрү чоң, ал эми күйүүчү май болсо бюджеттен кетип жатат.


Аида Жекшенбаевна министрдин жолтандабасы президенттин аппаратынын гаражында тураарын кошумчалады.

- Ошондо эмне машина тууралуу айткандан кийин аны көздө далда кылып коюштубу? - дейт ал. - Эмне үчүн министр бул транспортту теңешелеп пайдалануу максаты менен аймактарга берип жиберген жок? Тезинен гранттык каражаттардын максаттуу пайдаланылышын жана министрликке келген гуманитардык жардамдарды текшерүү зарыл.

Вероника Малышева
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх