Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Алтынбек Сулайманов Башмыйзамды өзгөртөбүз деп элдин тынчын албоого чакырды

Депутат мурда да ушунун айынан эки жолу революция болгондугун эскертти

Кыргызстанда Башмыйзамды улам кайра өзгөртүүдөн башка да көйгөйлөр толтура, убакытты текке кетирип отуруунун ордуна аларды чечүү зарыл. Бул тууралуу «Бир Бол» фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов парламенттин пленардык жыйынында билдирди.

- Башмыйзамды өзгөртүүнү артында дайыма бийликти чыңдоо максаты болуп келген, - деп белгиледи ал. - Бийликти чыңдоо тууралуу советтик ой жүгүртүүдөн чыгалы эми. Башмыйзамды өзгөртүү зарыл эмес, аны иштетүү зарыл болуп турат азыр. Биз Башмыйзамды көп жолу өзгөрттүк. Анын арты эки жолку революция менен бүттү.

Сулаймановдун ою боюнча, эгерде Башмыйзам өзгөрсө, бир гана элдин турмушун жакшыртуу жагын өзгөрүшү керек.

- Мен Башмыйзамды кайрадан өзгөртөбүз дегендерге элдин тынчын албагыла деп айтаар элем, - деп белгиледи эл өкүлү. - Ансыз да башка көйгөйлөр толтура бизде, ошолорду чечишибиз керек. Мыйзамды өзгөртөбүз деп убакытты текке кетирбеш керек.

Вероника Малышева
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх