Депутат Урмат Самаев эмнеге «чемпион» деген каймана атты алып жүргөнүн түшүндүрүп берди
Эл өкүлү Токмокто атышкандардын арасында анын тууганы да болгондугун ырастады. Анын тууганынан эки жакты жараштырып берсин деп суранышканын айтты
Жогорку Кеңештин депутаты Урмат Самаев Токмокто аткезчилердин атышуусунун ортосунда калып, болгон окуя тууралуу өзүнүн оюн айтты.
Rezonans.kg агенттигине интервью бергенде эл өкүлү ага эмнеге «Чемпион» деген каймана ат берилгендигин түшүндүрдү жана машинага жалган номер тагып алып жүргөндүгүн ырастады.
Ошентип, Самаев аткезчилердин жаңжалына түздөн түз тийешеси жок экендигин билдирди, бирок ошол жаңжалдын катышуучусу Дастан менен тууган экендигин жашырган жок.
«Алардын териштирүү жаңжалына тийешем жок. Болгону ошол балдар менен тааныштыгым бар. Аскат менен бир мектепте окуганмын. Дастан болсо - алысыраак тууганым болот. Кыргыз сураша келсе бири бирине тууган болуп чыгат эмеспи. Бул жерде мага колу жетип калган саясий оюн болуп жатат. Ошол окуя болоордон бир күн мурда мен «Аргымак» федерациясына президент болуп дайындалгам. Мен дайыма Токмок менен Чүй облусунун көйгөйүн көтөрүп келем. Айрым менин саясий атаандаштарым мени бул окуяга аралаштырып, каралагылары келип жатат», - деди эзл өкүлү.
Анын сөзү боюнча, Аскаттын туугандары - ошол жаңжалдын бир катышуучусу, социалдык тармактарда депутатты атышууга күнөөлөп, Самаевди жаңжалдашкан аткезчилерди элдештирүүгө чакырган.
«Мага Аскаттын инилеринин бири келип кайрылды. Жолуукканда ал мага: «Дастан сиздин тууганыңыз, кечээги иш үчүн кечирим сурайлы дегенбиз», деди. Мен өз кезегимде милицияга арыз жазып жана мыйзам чегинде териштирели дедим. Алар баш тартышты. Анан мен эмне кылмак элем. Бири бириңерди кечирип, кек сактабагыла деп кеңеш бердим. Алар буга макул болушту. Бул туура чечим болчу. Эгерде алар эртеңки күнү травматикалык тапанчадан эмес, кадимки күжүрмөн тапанча менен атышса эмне болот эле?», - дейт Урмат Самаев.
Депутат ошону менен бирге аны эки жакты жараштырганы чакырышканын белгилеп кетти. Анткени аны мурда да бир канча жолу маселе чечүүгө шаардын тургундары чакырышчу.
«Мен депутат боло электе эле мыйзам бузулган жерде көйгөйлөрдү чеччүмүн. Кыргыз менен өзбектердин жана дунгандардын ортосундагы жаңжалдарда, спортчу Руслан Абасовду өлтүрүп кетишкенде ж.б.у.с. Мен адамдардын ортосундагы мамилени сактап калчумун, ошону менен бирге жергиликтүү бийлик жана милиция менен араздашып калчумун. Элдер буга көнүп алышкан да, дайыма мага жардам үчүн кайрылышат», - деп түшүндүрдү Самаев.
«Чемпион» деген каймана атты мага спорттогу жетишкендиктерим үчүн беришкен, ал эми криминалдык дүйнөгө анын тийешеси жок.
«Мени мектепте окуган кезде эле чемпион деп аташчу. Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы бокс боюнча таймаштарда мени «Урмат - чемпион"» деп колдоп кыйкырышчу. Мен беттештен уткам. Андан сырткары, менин машытыруучум Вячеслав Шарапов да мени чемпион деп койчу. Ал эми УКТ жана аткезчилик жайына келсек, менин аоарга тийешем жок. Эгерде мен аларга тийешем бар болуп, же кылмыш ишиндеги катышуучу болсом, анда Жогорку кеңешке депутат болуп келбейт элем да? Мага юристтер мындай айыптоолору үчүн мен аларды сотко берсем боло тургандыгын айтышты. Бирок мен аларды өз абийирлерине коюуну чечтим», - дейт Урмат Самаев.
Эл өкүлү жалган номер кадам алып жүргөндүгүн жашырган жок. Бирок күнөөнү айдоочусуна койду.
«Менин айдоочум «1200» деген номерди, көрсө, өзү кадап алыптыр. мен аны байкабаптырмын. ал аны тааныштарынан алыптыр, анткени казакстандык номер менен маичилердин токтото бериши тажаткан экен. Эгерде жалган номерге айып пул бар болсо, ал төлөйт өзүнүн айлыгынан», - деп айтты депутат.
Самаевдин сөзү боюнча, 2016-жылы ал Жогорку Кеңешке депутат болгондо, анын Казакстандагы туугандары ага казак номери менен машина тартуу кылышкан. Ал автоунааны кайра каттаткан эмес.
Сөзүнүн аягында эл өкүлү жардам сурап президент Сооронбай Жээнбековго кайрылгандыгын билдирди.
«Аскат элге да, мамлекет башчыга да калп айтып жатат, ошондуктан мен президентке кайрылып бул ишти калыс бүтүрүп берүүсүн сурандым. Ал «Самаев мени машинасына салып алып кетти» дейт. Чындыгында мен анын машинасында келгем, милицияга болгон окуя тууралуу билдирип, маселени мыйзам чегинде чечели дегем. Муну Токмок ИИМ камерасынан да көрүүгө болот. Андан сырткары, ал мени ушуга окшогон иштерди мурун чечип жүрчү дейт. Мен ИИМ жетекчилигинен жана президенттен менин УКТ жана аткезчиликке болгон катыштыгымды текшертүүсүн өтүнөм», - деп комментарий берди Самаев.
Ооруканада жаткан өзүнүн тууганы Дастанга ал азырынча кирип, ал акыбалын сурай элек.
Булак:
Сүрөт www