Депутат Урмат Самаевдин айдоочусуна жасалма номер тагып жүргөнү үчүн айып салынат
ЖКККМК эреже бузуучуга 1000 сом өлчөмүндө айып салынаарын такташты
Жогорку Кеңештин депутаты Урмат самаевдин айдоочусу автоунаага жасалма номер тагып жүргөнү үчүн жазаланат. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына ИИМ жол кыймылын камсыз кылуу кызматынын Башкы башкармалыгы билдирди.
- Биз ЖМК жарыя болгон маалыматтар менен тааныштык, - деп комментарий беришти ЖКККМК. - Депутаттын айдоочусу эреже бузуулар Кодексинин 127 беренесинин 1 б. ылайык 1000 сом айып тартат.
Эске салсак, мурунураак Vesti.kg сайты эл өкүлү Урмат Самаевдин «1200» сандуу жасалма номер менен жүргөндүгүн мойнуна алган интервьюсун жарыя кылган болчу.
Анын айтымында, аны айдоочусу өзү кадап алыптыр. Депутат болсо муну байкаган эмес. Анын машинасындагы казакстандык номерди Кыргызстандын жасалма номерине алмаштырып кадап алган.
Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www