Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Райым-миллиондун» сүрөтү бар футболка жана айыл өкмөтүнүн жасалгалуу бөлмөсү (сүрөт)

Райымбек Матриамовдун мындай күйүп жанган күйөрманын эч ким көрө элек болчу

Кара-Суу районунун Савай айыл өкмөтүнүн башчысы Мунарбек Сайпидиновдун кызматтык бөлмөсү кыргызстандыктардын талкуусунда калды.

Булгаары капталган дубалдагы сүрөттөр элдин ээсин оодарды. Бөлмө өзүнүн шаан шөкөттүүлүгү менен таң калтырат.

Instagram соцтармагындагы баракчасына үңүлсөк, жергиликтүү чиновник спортчуларды активдүү колдойт, аттарды жана кымбат баалуу машиналарды сүйөт.

Анын сүрөт тасмасында «Мерседес» жана эки «Лексус» маркасындагы автоунаалар коюлган. Үч машинадан тең «1111BZ» сандуу номер көрүнөт.

Андан сырткары, Сайпидиновдун бөлмөсүндө Мамлекетик бажы кызматынын башчысынын орун басары Райымбек Матраимовдун портрети турат.

Чиновник муну менен чектелип калбайт. Instagram соцтармагында Мунарбек Сайпидинов матраимовдун сүрөтү түшүрүлгөн футболкачан турган сүрөтү бар. Ал бул чыгарылышка «Ифтардан кийин. Шеф» деп жазып койгон.

«Азаттык» радиосунун маалыматы боюнча, Савай айыл өкмөтүнүн башчысы Райымбек Матраимовдун өкүл баласы болот.

Манас Кольбаев
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх