Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

БЧКнын боюнда кыз зордуктоого шектелип кармалган милиционер бошотулду

Сот зордуктоого шектелген погончонду үй камагында жүрө берсе болот, деп чечим чыгарды

Зордуктоого шектелип кармалган милиционер үй камагына чыгарылды.

Эске салсак, мурда Ысык-Ата РИИБне 28 жаштагы Бишкектин тургуну Б.Т. арыз менен кайрылган. Ал 2019-жылы үчтүн айынын жыйырма жетисинде чала тааныш жигиттер БЧК боюндагы Новопокровка айылында ага күч колдонуп зордукташкандыгын жазган.

Ошол окуядан кийин Ысык-Ата РИИБ кызматкерлери тарабынан ошол ишке катышкандардын бири Чүй облусунун жашоочусу 36 жаштагы И.К кармалган. Ал милиция кызматкери болуп чыкты, тактап айтканда Свердлов райондук ИИБ күзө бөлүмүнүн жардамчысы, наамы старшина.

Кармалган КР ЖК 98 беренесине ылайык Ысык-Ата РИИБ ИВС киргизилген.

Кечээ 2019-жылдын үчтүн айынын отуз биринде тергөө кызматы тарабынан Ысык-Ата районунун прокуроруна шектүүнүн кармалышынын мыйзамдуулугу тууралуу өтүнүч келтирилип, ошондой эле бөгөт коюу чарасын камакка алуу менен көрүү суралгандыгы бүгүн белгилүү болду.

Андан ары Ысык-Ата прокуратурасы сотко өтүнүч киргизип, анын бир бөлүгүн сот канааттандырган. Ошоентип шектүү И.К карата бңгңт чарасы үй камагына алуу менен көрүлдү.

Маалымат катары билдире кетели, тергөө органдарына бүгүнкү күндө каршы арыз түшө элек.

Бул материал боюнча тергөө амалдары улантылып жатат.

Чүй облусунун ИИМБ маалымат кызматы.
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх