Сооронбай Жээнбеков Сергей Лавров менен жоолугушту
«Биз орусиялык достор менен жоолугушканыбызга ар дайым кубанычта болобуз»
Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн Бишкекке жумуш сапары менен келген Орусия Федерациясынын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жоолугушту.
«Биз орусиялык достор менен жоолугушканыбызга дайыма кубанычтабыз. Сиздин расмий сапарыңыз маанилүү саясий учурдун алдында болуп жатат, анткени Орусиянын президенти Владимир Путин мамлекеттик иш сапары менен Кыргыз Республикасына келгени жатат, - деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков Сергей Лавров менен жоолугушуп жатып. - Владимир Владимировичтин сапары биздин стратегиялык өнөктөштүктүн жана уюмдаштыктын тарыхый достукка жана мамлекеттер ортосундагы сый урматка негизделген бийик деңгээлди даңазалоо экендигине ишенем».
Ал Кыргызстан Евразиялык экономикалык уюмга кирүү менен кызматташуунун жаңы, сапаттуу баскычына өткөндүгүн белгиледи.
«Биздин мамлекеттердин ортосундагы соода мамилелеринин динамикалуу өсүшүнүн жакшы жактарын канааттануу менен белгилеп кетем», - деди Жээнбеков.
Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Бишкекке болгон расмий сапары Владимир Путиндин мамлекеттик сапарына даярдыкка жана өкмөттөр аралык жыйындын комиссиясына арналгандыгын белгиледи. Өкмөттөр аралык комиссиянын жыйыны 2019-жылы жалган курандын биринде өтөт.
«Биз стратегиялык өнөктөш катары ЖККУ, ЕАЭБ, ШКУ, ЭККУ, БУУ алкагындагы кызматташтык жана эки тараптуу байланыштарды баалайбыз, ал жерде бизменен силердин кызыкчылыктарыбыз бири бири менен тыгыз байланышкан. Бүгүн биз Кыргызстандын тышкы иштер министри менен тышкы саясий маселелерди кеңири талкуулайбыз. Биздин мамлекет башчыларыбыз бардык багытта туруктуулукту жана ишенимдүү ишти камсыз кылган ишти аткарабыз», - деп баса белгиледи Лавров.
Жоолугушуунун жүрүшүндө 2019-жылы Кыргыз Республикасы төрагалык кыла турган ЖККУ алкагындагы жана мамлекет башчылардын Кеңешинин жыйыны тууралуу эки жана көп тараптуу кызматташуулардын актуалдуу маселелери тууралуу пикир алмашуу болду.
Президенттин аппаратынын саясий маалымат бөлүмү
Сүрөт www