Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«УКМК генерал Рустам Мамасадыковдун кайтып келиши тууралуу кабарды жакшы маанайда кабыл алды»

Президенттин аппаратында улуттук коопсуздук Мамлекеттик комитетинин башчысынын орун басарынын бош ордуна талапкерлерди карап жатышат

Асылбек Кожобеков таштап кеткен улуттук коопсудук Мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басарлык кызматына мурда бул кызматта иштеп көргөн Рустам Мамасадыковдун талапкерлиги каралып жатат. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына улуттук коопсуздук Мамлекеттик комитетинин алдындагы УОК мурдагы төрагасы Кайрат Осмоналиев айтып берди.

- Азыр УКМКда чындап эле анын дайындалышы тууралуу кеп болуп жатат, - деди ал. - Материалдар президенттин аппаратында каралып жаткандыгы, бирок тийешелүү жарлык чыга электиги билдирилген. Мен бул талапкердин туура экендигине ишенем. Мамасадыков ушуну менен үчүнчү жолу кайтып келип атат, үч жолу тең аны жылуу маанай менен кабыл алышты.

Кайрат Медербекович Рустам Мамасадыков өз ишинин адиси экендигин белиглеп кетти.
- Өздүк курамдын арасында анын кадыр баркы бар, - деп баса белгиледи Осмоналиев. - Андан сырткары, ал террроризмге каршы күрөшүүдө өзүн эң жакшы көрсөттү. Анын жетекчилиги менен 2015-жылы эң ири жикчилдерди кармоо ишке ашкан.

Эске салсак, генерал-майор Рустам Мамасадыков 2018-жылы чын куранда президент Сооронбай Жээнбековдун жарлыгы менен УКМК төрагасынын орун басарлыгынан бошотулган болчу.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх