Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Дастан Бекешев менчик нотариустарга кызмат акысын төлөө эрежесин өзгөртүүнү сунуштайт

Юрист бүгүнкү күндө эл кыйналып жаткандыгын айтат

Нотариустун кызмат акысын төлөөгө киргизген жаңы эреже элди кыйнап жатат. Мындай деген оюн Vesti.kg сайтына белгилүү юрист Владимир Плужник бөлүштү.

- Учурда кардарлар Мамлекеттик нотариалдык кеңсеге кызмат акы төлөө үчүн банктын кассасына документ даярдашы керек, - деп түшүнүдүрдү ал. Эреже катары, касса имараттын ичинде же жакын жерде жайгашкан. Андан сырткары, нотариустун кызмат акысына төлөм кабыл алуучу атайын терминалдар бар, ал ошол кеңсенин эле ичинде турат.

Плужник көпчүлүк убакта кардар менчик нотариуска милдеттүү түрдө мамлекеттик пошлинага деп 50 сом жана юристтин акысын төлөйт деп белгиледи.

- Менчик нотариустар акчаны банкка өздөрү тапшырышчу, - деп эскерди ал. - Бул оңтойлуу жана эч кандай эреже бузуу болбойт. Бирок жаңы эреже боюнча элдин банктын кезеги жана нотариус кызмат көрсөтпөгөн учурда акчаны кайрып алуу кыйынчылыгы жаралды, ал эми пошлина төлөнүп калган болот. Мисалы, документтерди толтуруп жаткан учурда кандайдыр бир тактама кем болуп калса ушундай кыйынчылык жаралат.

Түшүндүрө кетели, депутат Дастан Бекешев «Салыктык эмес кирешелер тууралуу» мыйзамга түзөтүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорду коомчулуктун талкуусуна алып чыкты. Эл өкүлү калктын нотариустун кызмат акысы үчүн банкка эмес,нотариустун өзүнө төлөй турган норманы алып келүүнү сунуш кылат. Ал эми мамлекетке акчаны юрист өзү алып барып берет.

«Менчик нотариустар жыйырма жыл ичинде элдин ишенимине киришке аракет жасашты, өз убагында укуктук жардам кылып жатышат, - деп эскертти депутат. - Алар мамлекеттик бюджетти мамлекеттик пошлинаны өз алдынча алууменен толтуруп жатышат, ушуну менен бюрократтык кедергини жоюуга аракет жсашат.

Жогоруда айтылгандай, норманы кайра карап көрүү зарылчылыгы пайда болду. Юридикалык мааниси бар документтерди толтуруп жатканда кемчиликтерден улам көйгөй жаралат экен.
Ошодой эле белгилей кетүүчү нерсе, көрсөтүлгөн мыйзам долбоорду кабыл алуу калктын жеке нотариустардын кызмат акысын төлөө учурундагы кедергилерди жоюуга жардам бермек».

Вероника Малышева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх