Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жогорку сот Кубанычбек Кулматовдун жактоочусунун арызы боюнча иш аракеттерди токтотту

Бишкектин мурунку мэри камакта калат

Кечээ, бирдин айынын төртүндө, Жогорку сотто Кубанычбек Кулматовдун жактоочусунун камаакта калуу мөөнөтүнүн узарышына тийешелүү соттун чечимине болгон арызы боюнча соттук отурум болду.

Биринчи инстанциянын соту Кулматовду коргогон бир катар аргументтерди эсепке албай камакта калуу мөөнөтүн узарткан чечим чыгарган. Бирок аппеляциялык жана көзөмөлдүк инстанциянын соттору коргоочунун жүйөлөрүнө баа беришкен жок. Бүгүн болсо көзөмөл инстанциясы Кулматовдун жактоочусу Сергей Слесаревдин арызы боюнча иш аракеттерди таптакыр токтотту, ушундай аракети менен ал келтирилген жүйөлөргө баа берүүдөн баш тартты. Сот прокурордун арыз боюнча иш аракеттерди токтотуу өтүнүчүн канаттандырды.

Жактоочу арызды кароо менен бирге көзөмөл инстанциясынын негизги милдетин аткарууну талап кылды - ал соттордун чыгарган чечимдеринин мыйзамдуулугун жана негиздүүлүгүн текшерүү. Сергей Слесарев тарабынан бир нече ирет сотторго жана соттук коллегияга болгон ишенбөөчүлүк толугу менен канааттандыруусуз калды.

КСДП маалымат кызматы
сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх