Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Мурат Суталиновду бошотуу маселесин карай турган сот поцессин кайрадан кемсинтүү менен жылдырып коюшту

УКМК мурдагы башчысынын жактоочусу соттордун иш аракетине комментарий берди

Соттолгон УКМК мурдагы төрагасы Мурат Суталиновду эрте бошотууга бардык мыйзамдуу негиздер бар. Мындай деген оюн Vesti.kg сайтына анын мурдагы жактоочусу Улан Дастан уулу бөлүшү.

- Мындай иштерди бир процесс менен чечип койсо болот, - деп белгиледи юрист. - Бирок бул жерде сот ушуну менен эки жолу токтотулуп жатат. Сот жаңы өтүнүчтөрдү келгендигине байланыштуу иш менен таанышпагандыгын билдирди деп божомолдоого болот.

Түшүндүрө кетели, бул жолу да сот отурумун токтотуп коюшту, анда УКМК мурдагы жетекчиси Мурат Суталиновдун мөөнөтүнөн мурун бошотулушу каралмак. Процесс бул жолу бирдин айынын он бешине жылдырылды. Төарагалык кылуучу иш менен таанышпагандыгына шылтап койду.

Эске салсак, биринчи жолу ишти прокурордун келбей калышына шылтап коюшкан.

Мурда Vesti.kg сайты ЖАМК Мурат Суталиновду камактан мөөнөтүнөн мурун бошотуу тууралуу сунушту сотко жөнөткөндүгүн жазган эле. Бул тууралуу Мамлекеттик жазаларды аткаруу кызматынын төрагасынын орун басары Жоробек Дүйшембиев билдирген.
Анын сөзү боюнча, Суталиновдун саламаттыгы начарлап кеткен.
Улуттук коопсуздук Мамлекеттик комитетинин мурунку төрагасынын рак деп диагноз койгон бөйрөгүн алып салышкан, бул сот процессинин алгачкы стадияларында болгон.
Мурат Суталинов 2010-жылы чын курандын жетисиндеги окуяга байланыштуу ишке айыпталып камалган. Аны 20 жылга эркинен ажыраткан өкүм чыгарышкан.

Вероника Малышева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх