Жогорку кеңештин депутаты Абылгазиевге ишенбөөчүлүк көрсөтүлөөрүн жашырган жок
Жогорку Кеңеште премьерди ар кайсы тармактагы министрлер кабинетинин чалагайым иштери үчүн сынга алышты
Жогорку Кеңеште премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевди сынга алышты. Депутат Наталья Никитенко парламенттин жыйынында Караколдун дыйкандары сүт өндүрүүүгө уруксат ала албай жатышкандыктарын айтты. Алар кичи-ферма ачууга уруксат ала алышпай жаткандарын Никитенкого айтышкан.
- Карапайым дыйкандар бир иш баштай албай, колу, буту тушалып отурат, - деп билдирди ал. - Ал ушул өкмөттүн түзүмдүк мекемесинин начар иштегендигинен болуп жатат.
Никитенконун сөзүнө анын кесиптеши Евгения Строкова кошула кетти, тактап айтканда, ал билим берүү менен саламаттык сактоо тармагынын ишине нааразы.
- Депутаттар саламаттык сактоо менен билим берүүдөгү көйгөйлөрдү бир нече ирет көтөрдү, - деп арызданат Строкова. - Өкмөт болсо үн катпайт. Билим берүү министри эл агартууга эмгек сиңирген наам алайын деди эле, коомчулук каршы чыгып ала албай калды.
Эл өкүлүнүн сөзү боюнча, аталган тармактарда убада кылынган реформа болгон жок.
- Реформа тууралуу тили менен айтып коюуу баарынын колунан келет, бирок аны иш жүзүнө ашыруу керек да, - деп улантат Строкова. - Реформанын тактикасы, стратегиясы жана максаты болуш керек. Эмнегедир билим берүү Министрлиги кандайдыр бир иштердин жоопкерчилигинин баарын башкаларга төңкөй берет.
Евгения Григорьевна өкмөттүн ишинин өңүтү өзгөрбөсө, анын кесиптештери бир эле өкмөттүн айрым мүчөлөрүнө ишеним көрсөтпөй койбостон, анын өзүнө да көрсөтпөй коюшу мүмкүн экендигин кошумчалады.
Эльдос Казыбеков
Сүрөт www