Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Азиз Суракматов дарыгерлер жана мугалимдерге салынып жаткан үйдүн курулушун токтотуп койдубу?

Бишкек мэриясынын капиталдык курулуш башкармасындагылар БШК депутатынын шаар башчысына койгон айыптоосуна комментарий беришти

Бишкектин бешинчи кичи конушунда бала бакчанын аймагына дайындуу жашаган жери жок мамлекеттик кызматкерлер үчүн үй курууну көздөшкөн. Бирок жергиликтүү жашоочулар курулушка каршы чыгышты.

- Башталып калган курулуш белгисиз мөөнөткө токтотулду, деп билдирди Vesti.kg сайтына Бишкек мэриясынын капиталдык курулуш Башкармасынын маалымат катчысы Елена Горбачева.

Мурда Бишкек шаар кеңешинин депутаты Канатбек Мүзүралиев турак жай коммуналдык чарба боюнча жыйында шаар башчы Азиз Суракматов үй курулушун убактылуу токтотуу менен өзүнүн ыйгарым укугунан ашыра пайдалангандыгын билдирген эле.

Бирок, Горбачева түшүндүргөндөй, шаар башчы курулуп жаткан үйдүн токтотулушуна катыштыгы жок.
- Бул курулуп жаткан обьект Октябр районунун акиминин өтүнүчү менен убактылуу токтотулду, - деп тактады ал. - Ал жерге кыдырма комиссия келген учурда коомчулук бул курулушка нааразычылыгын билдиришкен. Ошондуктан район башчысы бул кырдаалды териштирүүнү өтүнгөн.

Бирок, Мүзүралиев, жашаган жери жок мамлекеттик кызматкерлер бул үйгө көчүп кирүүсү керек болчу, деп көшөрөт.

- Капиталдык курулуш Башкармалыгы медицина кызматкерлери, мугалимдер жана башка мамлекеттик кызматкерлер кирсин деп үй курууга тендер өткөргөн, - деп белгиледи Vesti.kg сайтына БШК депутаты. - Анан эле жарандык секторлор аралашып, муниципалитете бала бакчанын аймагына курулуш кылып жаңылыштык кылып жатат деп чыгышты.

Мүзүралиев муниципалитеттин ишине жарандык активисттерди аралаштырбоо керектигин баса белгиледи, анткени бул обьект коммерциялык эмес экендигин айтат. Андан сырткары, алар депутаттын өзүн да бул үйдү курууга жардамдашып жатасың деп каралай башташты.

- Бизде бюджеттегилердин арасында 3700 киши жер участогун алууну каалашат, - деп түшүндүрөт депутат. - Эгерде үйдүн курулушу токтой турган болсо, анда мэр эмнеге экендигин түшүндүрүп берсин. Биз ошол түшүндүрмөнү алып туруп, анан митингге чыгабыз, биздин ал жерде үлүшү бар кишилерибиздин саны 1700.

Өз кезегинде «Биздин укук» Коомдук фондунун башкармасынын төрагасы, жарандык активист аял Калича Өмүралиева ошол аймакка дагы бир бала бакча курулуш керек экендигин айтты.

- Анткени бала бакчанын курула турган аймагы бешинчи кчи конушта турат, аны кесип алышты, - дейт Өмүралиева. - Ал жерде эки бала бакча болушу керек эле. Бош жаткан жерге үлүштүк курулуш жолу менен үй курууну каалашты. Бирок биз буга каршыбыз. Мэрия эмне үчүн бул обьекттин курулушуна акча бөлөт? Ал жакка ипотека алган адамдар көчүп келишет. Алар акчаны кайрып бериши керек да. Башкача айтканда мэрия салык төлөөчүлөрдүн эсебинен коммерциялык иш менен алек болуп жатабы?

Өмүралиева борбор шаардын бийлигине бала бакчанын аймагынан башка жактан курулушка жер издөөсүн сунуштайт.

Эльдос Казыбеков
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх