Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Диний уюмдарды шайлоого катыштыруу үчүн кыргызстандыктарды даярдап жатышат»

Жогорку Кеңештин депутаты «Таблиги Жамаат» кыймылын ким үгүттөп жүргөндүгүн аныктоону талап кылат

Кыргызстанда диний уюмдарды шайлоого алып барышы мүмкүн, жарандарды буга даярдап жатышат. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина билдирди.

- Мен Мамлекеттик дин комиссиясынан жана билим берүү Министрлигинен «Таблиги Жамаат» ким үгүттөп жана таанымал кылып жаткандыгын аныктоосун талап кылмын, - деп белгиледи ал. - Ал мекеменин окутуу программасын текшерүү зарыл, ошондой эле алардын жыйынтыгын жарыя кылган сурамжылоосунун максатын билүү керек. Мен ал отчётту окудум, бирок мага аны түзүүдө кимдерди сурамжылаганы түшүнүксүз.

Ирина Юрьевна «Таблиги Жамаат» диний уюму көп өлкөлөрдө тыюу салынган уюм экендигин алардын арасында Казакстан менен Өзбекстан да бар экендигин эске салды.

- Бирок бизде кандайдыр бир саясий максат менен ал уюмга тыюу салбай келишет, - деди эл өкүлү. - Бирок ал капкачан эле террористтердин уктап жаткан уюгу экендиги аныкталган. Ошондуктан мен балдарды медреседе кандай программа менен окутуп жатышкандыктарын текшерүүнү талап кылам. Алар эмне үчүн бул уюм тууралуу билишет? «Таблиги Жамааттын» идеясын ким таңуулап жатат? Бүгүнкү күндө бизге 33 пайыз кыргызстандыктар шарияттын мыйзамы менен жашоого макул деп билдирип жатышат. Ошентип алар бизди 17 пайыз калктын бул маселе боюнча референдумга чыгуусуна даярдап жатышат. Бирок менин оюмча бул сурамжылоонун максаттуу тобу ойдон чыгарылган эмес. мен элдерди жөн гана көчөдөн сурамжылады деп да ойлобойм. Ошондуктан бул институт аны таптакыр жаап салмайынча мага кеңеш бере албайт.

Карамушкина диний уюмдардын шайлоого катыга тургандыгы тууралуу маалымат бар экендигин да кошумчалады.

- Бул азырынча тыюу салынган, бирок бизди ага аң сезимибизди даярдап жатат, - дейт ал. - Анан да Каржылык чалгындоо бул институттун ким тарабынан каржыланаарын билүүсү зарыл.

Түшүндүрө кетели, ислам таануу Илим изилдөө институту Ирина Карамушкинадан дин маселесин саясатташтырбоону суранды.

Анткени, депутат мурда Жогорку Кеңештин пленардык жыйынында УКМК менен ИИМ аталган институттун отчетуна көңүл буруп коюуну суранган.

Изилдөөдө Кыргызстандын калкынын 33 пайызы шарияттын мыйзамы менен жашоого макул деген маалымат берилген. Андан сырткары, депутатты ал институтттун көп өлкөлөрдңө тыюу салынган «Таблиги Жамаат» кыймылын үгүттөгөндүгү нааразы кылган.

Өз кезегинде илим изилдөө институту Карамушкинага изилдөө жабык түрдө эмес, ачык өлкөнүн бардык жашоочуларынын пайдасы үчүн, бардык аймактарда, бардык окурмандар үчүн жана илим изилдөөчүлөр үчүн изилдөө жүргүзүлөөрүн экертти.

«Биз депутаттын биздин изилдөө боюнча отчеттун өзү менен тааныш экендигинен күмөн санайбыз, алтургай булакты кайдане алгандыгыбызды да билбесе керек. Ал чамасы бул тууралуу белгилүү бир жыйынтыктар үзүлүп алынган жаңылыктар сайтынан билген болуу керек», - деп келтирет илим изилдөө институнун сөздөрүн ЖМК.

Вероника Малышева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх