УКМК 9-кызматынын мурдагы начальниги Дамир Мусакеевге кылмыш иши козголду
КСДП бул айыптоону саясий деп атады
УКМК 9-кызматынын мурунку начальниги Дамир Мусакеевге кылмыш ишин козгошту. Бул тууралуу КСДП расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди.
«Дамир Мусакеев Алмазбек Атамбаевди БАЭ болгон сапарында коштоп барган, - деп түшүндүрдү ал. Кечээ аны аскер прокуратурасына чакырышты. Кечкурун болсо Биринчи май райондук соту эч жакка чыкпоо тууралуу бөгөт чарасын көрдү.
Дамир Мусакеевди УКМК 9-кызматынын начальниги болуп турганда кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп таптакыр эле негизсиз шектенип жатышат. Кылмыш иши мамлекетик кароол кызматкерлеринин ортосундагы кызматтык батирлерди бөлүштүрүүгө тийешелүү. Ошону менен бирге бир да батир приватташтырууга берилбегендигин баса белгилеп коюу абзел. Мамлекетке эч кандай зыян келтирилген эмес.
Андан сырткары, биздин юристтердин сөзү боюнча, Дамир Мусакеевге коюган бардык дооматтардын юридикалык маңызы жок. Ошондуктан биз бул ишти ачык эле саясий өңүттө деп эсептейбиз».
Сүрөт www