УКМК: Мурунку саламаттык сактоо министри кызматынан ашыра пайдалангандыгы боюнча шектелүүдө
Чекисттер дин маалыматы боюнча, Талантбек Батыралиев мамлекетке 107 миллион сомдон ашык чыгым алып келген
Кыргыз Республикасынын мурдагы саламаттык сактоо министрине кызматынан кыянаттык менен пайдалангадыгы тууралуу билдирүүнү тапшырышты. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына УКМК маалымат катчысы Рахат Сулайманов билдирди.
УКМК коррупцияга каршы кызматы Кыргыз Республикасынын «Мамлекетттик сатып алуулар тууралуу» мыйзамынын талаптарын бузуу фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду. Ал V стадиядагы өтүшүп кеткен бөйрөк оорулуу адамдарга медициналык жардамды гемодиализ ыкмасы менен көрсөтүүдө мыйзамды бузган.
Батыралиевди суракка чакырыштыбы деген редакцияныын суроосуна УКМК маалымат кызматьы жооп берген жок.
- Тергөө амалдары жүрүп жатат, - деп жооп берди Сулайманов.
Мекеменин маалыматы боюнча, аудит дайындалган. Эсептөө палатасынын текшерүүсүнүн жыйынтыгында мамлекетке өтө ири өлчөмдө - 107 миллион сомдон ашык зыян келтирилген.
Батыралиев КР ЖК 322 беренесинин 2б. (Пайдасыз келишим түзүү) жана 320 беренесинин 4б. (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) негизинде каралган кылмыш иши боюнча шектелүүдө. Билдирүүнүн саламаттык сактоо Министрлигинин мурдагы башчысы 2019-жылдын бирдин айынын жетисинде алган.
Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www