Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Мелис Турганбаев «каралардын чөйрөсүн» да, «кызылдарды» да билет»

ЖАМК мурдагы төрагасы жаңы жетекчинин дайындалышына комментарий берди

Мурдагы ички иштер министри Мелис Турганбаевдин жазаларды аткаруу Мамлекеттик кызматына дайындалышы - туура кадам болду. Мындай пикирин Vesti.kg сайтына ЖАМК мурдагы төрагасы Шейшенбек Байзаков бөлүштү.

- Турганбаев - бул системаны ичинен билген адам, - де түшүндүрдү ал. Мурда бул кызматка коргоо Министрлигинен же УКМК кишилерин дайындашканда мен ыза болчумун. Бул ишти жөнгө салгыча көп убакыт өтүп кетет. Ар ким келип эле билген намазын окуй берчү. Кэ бири теңирден тескери да иштерди кылчу.

Шейшенбек Калилбекович ИИМ мурунку башчысы «каралардын чөйрөсүн» да, «кызылдардыкын» да билээрин кошумчалады.

- Менин оюмча, ал бул кызматты жөндөп кетет, - деп сөзүн бүтүрдү Байзаков.

Эске сала кетели, Vesti.kg сайты мурда Мелис Турганбаевдин ЖАМК төрагасы болуп дайындалганын жазган эле. Бул тууралуу редакцияга ал өзү билдирген болчу.

Вероника Малышева
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх