Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ызы чуулуу Дамира Байзакова балдар онкологиясы бөлүмүнө кайтып келгиси келеби?

Азыркы жетекчи Гульнара Жунушалиеванын сөзү боюнча, бөлүмгө мыйзамсыз текшерүү жүргүзүп жатышат

Улуттук онкология жана гематология борборунун балдар бөлүмүнө депутат Евгения Строкованын жүргүзгөн текшерүүсү мыйзамсыз. Бул туурасында Vesti.kg сайтына бөлүмдүн башчысы Гульнара Жунушалиева билдирет.

- Строкова командасы менен үчтүн айынын отузунда эч кандай расмий уруксаты же билдирүүсү жок эле келди, - дейт ал. - Алар балдардын карточкасын алып коюшту, бирок кылмыш иши козголмоюнча алууга акылары жок болчу. Кечээ гана араң кайрып беришти. Комиссия бир жума ашык эч кандай маалымат бербей, жаап алып отурду.

Жунушалиеванын айтымында, комиссиянын курамына саламаттык сактоо Министрлигинин коомдук кеңешинин төрайымы Бактыгүл Жумакунова, далилдөөчү медицина жана дарыларды туура колдонуу боюнча адис, саламаттык сактоо Министрлигинин мурдагы кызматкери Бактыгүл Өмүралиевалар кирген.
- Алардын баары мурдагы бөлүм башчы Дамира Байзакованын кара ордуна келишине кызыкдар кишилер, анткени алар курбулар, - дейт ал. - Биздин оорулуулардын туугандары журналисттик иликтөө кылышканда, бул текшерүү эч кайсы эрежеге туура келбейт экен. Саламаттык сактоо Министрлиги жана Жогорку Кеңештин маданият, илим, билим жана социалдык маселелер боюнча комитети бул тууралуу кабары жок.

Азыркы бөлүм башчынын сөзүнө караганда, бул кишилер текшерүүгө биринчи эле жолу келип жаткан жок. Строкова 2018-жылы да бир нече жолу текшерүүгө келген. Бул жолкусунда 2019-жылдын бирдин айынын он тогузунда келген.

- Кечээ болсо мени улуттук коопсуздук Мамлекеттик комитетине чакырышты, - дейт Жунушалиева. - Көрсң, мурда ооруканада жатып, дарылануудан баш тартып кетип калган оорулуулар арыз жазышыптыр. Анткени ал кыздын мурун көп патологиясы болгон экен, ошондуктан биз 100 пайыз кепилдик бере албайбыз дедик. Анын жүрөгү химиотерапияга туруштук бербей коюшу мүмкүн эле.

Бирок, дарыгердин сөзү боюнча, алар өз арыздарында медиктерге арызданышкан эмес. Аларды телефон аркылуу белгисиз бирөөлөр коркутуп турушкан.
Белгисиз бирөөлөр номерин жашыруун кылып чалышып, ата энелер балдарын ооруканага кайра алып келишсин, болбосо кыздын органдарын кесип салабыз деп коркутушкан.

- «Балдарыңарды алып кетсеңер, демек дарылоо таасир эткен эмес деп айтышкан, - дейт Жунушалиева. - Демек, бөлүм башчы күнөөлүү. Анын үстүнөн арыз жазгыла», - деп айтышкан. Акча сунушташкан.

Гульнара Жунушалиева текшерүү менен комиссияга каршы эместигин билдирет. Бирок текшерүү деген саламаттык сактоо тарабынан, ачык болушу керек, деп эсептейт ал.

- Биз премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин, парламенттин спикери Дастан Жумабековдун жана саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаевдин атына арыз жаздык, - дейт бөлүм башчы. Биз алар буга көңүл бурат деген үмүттөбүз.

Жунушалиеванын сөзү боюнча, Калича Өмүралиева 2018-жылы депутат Евгения Строкованын Улуттук онкология борборунун балдар бөлүмүн текшергенде чогуу катышкандардын бири, дейт ал Vesti.kg сайтына.

- Текшергенде катачылыктарды таап жана аларды жоюуга тапшырма берилген, - деп түшүндүрдү ал. Бул жолу биз ошол тапшырмалардын аткарылгандыгын текшергени бардык. Бирок ал териштирүү үчүн сөзсүз түрдө депутатка кайрылуу керек деди. Ал эми саламаттык сактоо Министрлигинин кызматкери менен байланышууга мүмкүн болбоду.

Онкология Улуттук борбордун балдар бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Дамира Байзакованы 2014-жылы саламаттык сактоо Министрлигинин атайын комиссиясынын ишинин жйынтыгынын негизинде кызматтан бошотушкан.

Аны кичинекей кыздардын ата энелеринин президентке жазган ачык катынан кийин демилгелешкен. Катта Байзакованын шалакылыгынын жана оорулууларга жасаган орой мамилесинин айынан болгон балдардын өлүмү тууралуу жазылган.

Комиссия сүрөттөлгөн фактылардын көбүн аныктап, тактады. Андан соң Евгения Строкова парламенттин жыйынында Дамира Байзакова бошотулгандан кийин балдардын өлүмү анысайын көбөйдү деп бир нече жолу айткан. Ал эми онкология Улуттук борборунун адистери анын сөзүнө макул болушкан жок, статистика боюнча бөлүмдүн көрсөткүчтөрү 2014-жылдан 2016-жылдаыдай эле болуп тургандыгын айтышты.

Ольга Федорчук
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх