Мелис Турганбаевдин дайындалышынын айынан митинг чыгышы мүмкүнбү?
ЖАМК жаңы башчысы туура эмес дайындалып калды деген да пикирлер бар
Бийликтин Мелис Турганбаевден башка бардык дайындоолоруна эл макул болуп жаткан. Бирок буга келгенде эки ача пикирлер пайда болду. Мындай деген оюн Vesti.kg сайтына жигердүү жаран Адиль Турдукулов билдирди.
- Президенттин кадр саясаты көпчүлүк учурда алардын саясий көз караштарына карабастан өзүн өзү актап жатты, - деп эскерет ал. - Жаңы жетекчилердин арасында бийликке атаандаштары да бар. Өзгөчө күч структураларында саясий көрсөткүч жакшы болду. Бирок Турганбаевдин дайындалышы коомчулуктун нааразычылыгын жаратты. Анткени аны Бакиевдин убагында зордуктоого айыпташкан болчу. Бирок кийин ишти жаап коюшкан. Ошондой эле Чодроновдун таржымалын да баары билишет.
Турдукулов кудум ушул Мелис Турганбаевдин тушунда «Коопсуз шаар» долбоору ишке ашпай калгандыгын кошумчалады.
- Ушундай өмүр баяны бар кишини негизги кызматтардын бирине дайындашты, - деди активист. - Бул эски практиканы кайталоо. Бирок мамлекет башчы азырда чечимин өзгөртүп койсо кеч эмес. Эгерде андай болбосо, анда биз каршы чыгууга мажбур болобуз. Бул сөзсүз эле митинг жолу менен болбошу мүмкүн, бирок ошондой жолу да болуп кетиши ыктымал.
Эске салсак, жума күнү мурунку ИИМ башчысы Мелис Турганбаевди ЖАМК төрагасы кылып дайындашты.
Вероника Малышева
Фото www