ЖАМК жаңы башчысы эмне үчүн кимдир бирөөлөр ага каршы митингге чыгышына түшүнө албай турат
Мелис Турганбаев мекеменин кызматкерлери анын дайындалышына ыраазы экендиктерин айтат
ЖАМК кызматкерлери жажаңы жетекчинин келишине кубанышты. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына мекеменин жетекчиси Мелис Турганбаев өзү айтып берди.
- Эмне үчүн кимдир бирөөлөр мага каршы митингге чыгаарына түшүнө албай турам, - дейт ал. Адил Турдукуловду мен жеке өзүм тааныбайм жана ага эч нерсе кылган эмесмин. Кимдир бирөө мени менен сүйлөшкүсү келсе, менин эшигим дайыма ачык. Келе беришсин. Биз жигердүү жарандарды сарсанаа кылган көйгөйлөрдү талкуу кылабыз.
Турганбаев активисттердин анын дарегине карата айткан сөздөрү негизсиз экендигин кошумчалады.
- ЖАМК менен ИИМ бирдей системадагы мекемелер, -деди ал. - Мурда жазаларды аткаруу Мамлекеттик кызматы ИИМдин курамында болчу. Менин алдымда азыр көп пландар бар. Мен бул кызматта болгону үч күн гана иштедим, бирок ушул үч күндө ЖАМК унутта калган мекеме экендигин түшүндүм.
Эске салсак, мурда жарандык активист Адиль Турдукулов ЖАМК башчылыгына Мелис Турганбаевдин дайындалышына каршылыгын билдирген болчу.
Вероника Малышева
Сүрөт www