Бишкекте мас болгон милиционер айып аянтчасындагы машиналарды сүздүрүп салып, качып кеткен
Депутат Камчыбек Жолдошбаевдин күйөө баласы деп божомолдонгон жаңжалкеч азырынча комментарий үчүн жеткиликсиз болуп жатат
Айып аянтчасында транспорт кырсыгын кылган мас киши чынында эле Бишкек ИИМБ кызматкери болуп чыкты. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына күч түзүмдөрүндөгү булактар билдирди. Мурда болсо борбордук милиция бул маалыматты тактаган эмес болчу.
- Ал кызмат аткаруу абалында болчу, кырсык фактысы боюнча кызматтык иликтөө башталды, - деп маалымдады ички иштер органы.
Мурда Vesti.kg сайты Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Жолдошбаевдин күйөө баласы Айбек Сыдыков деп божомолдонгон адам, Гоголь жана Чүй көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгын кылган. Андан соң ЖКККМБ кызматкерлери айып салып токтотуп койгон үч машинаны сүзүп салган.
- Айып аянтчасынын аны күбөлөндүрүү үчүн алып кетели дешкенде, ал качып кеткен жана азыркы убакка чейин көрүнбөй жүрөт - деп маалымдады күч түзүмдөрү.
Кечээ Юишкек ИИМБ ЖКККБ маалымат кызматы жол кырсыгынын күнөөкөрү мас экендигин билдиришти. Андан сырткары, автонун ээси көпкө чейин канындагы алкоголду аныктоочу жайга барууга каршылык кылды, ошондуктан милиция кызматкерлерин чакырууга туура келген.
Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Жолдошбаев азырынча комментарий үчүн жеткиликсиз.
Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www