Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Бийлик оппозициядан тирек издеп жатат. Текебаевдин бошотулушуна аз калды»

Президенттин аппаратынан басым болбогондуктан, соттор адилеттүүрөөк болуп калды, деген ойлор бар

«Саясий туткун» болгон Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыровдордун бошотулушу бийликтин оппозициядан тирек издеп жаткандыгынан кабар берет. Мындай деген пикирин Vesti.kg сайтына саясат талдоочу Марат Казакпаев бөлүштү.

- Чынжыр реакциясы башталды деп айтсак болот, - деп белгиледи ал. - Анткени Өмүрбек Текебаев баштаган саясий камактагылардын баарынын иши токулма экендиги аныкталып калды. Чындыгында азыркы жана мурунку президенттердин тирешүүсүндө бул бошотулган адамдар чечүүчү ролду ойноп коюшу мүмкүн. Мен Текебаевдин бошотулаар убактысы деле аз калганына ишенем.

Марат Сайнидинович мурда оппозиционерлер мамлекеттик кызматтарды алышкандыгын эске салды.

- Өмүрбек Субаналиев менен Аликбек Жекшенкуловдун дайындаплууларын эстесек эле жетиштүү болот, - дейт ал. - Мунун баары бийликтин оппозиция менен кучакташканы калгандыгын билдирет.

Өз кезегинде Жогорку Кеңештин экс-спикери Ишенбай Кадырбеков Жогорку сотко басым болбой калды, ошондуктан ал юридикалык туура чечимдерди кабыл алып баштады дейт.

- Эгерде сот калыс болсо, анда ар бир эле юрист ойдон чыгарылган айыптоолордун бырын чырынын чыгара алат, - деп түшүндүрдү ал Vesti.kg сайтына. - Мындай кырдаалда президенттин аппараты киришкен жок деп болжол кылууга болот.

Эске салсак, мурда Vesti.kg сайты Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыровду шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда Жогорку соттун чечими менен бошотулгандыгын жазган болчу.

Ала ортодо ЖМК ЖАМКнын саясий камактагылардын бошотулгандыгынан кабары жок экендиги тууралуу жазып чыкты.
Ошону менен бирге Vesti.kg сайты оппозиционерлер Кубанычбек Кадыров менен Бектур Асановдун президенттен ырайым жана кечирим сурабастыгы тууралуу да жазган эле.
Былтыр 2018-жылы бирдин айында Бишкек шаар соту биринчи инстанциянын өкүмүн күчүндө калтырган эле. Соттун ал чечими Эрнест Карыбеков 20 жылга, Кубанычбек Кадыров менен Бектур Асанов 12 жылга жана Дастан Сарыгулов 4 жылга эркинен ажыратылат дегенди түшүндүргөн.
2018-жылы кулжа айында Жогорку сот Асанов менен Кадыровду 8 жылга эркинен ажыраткан өкүм чыгарган. Чындаганда алар 4 жыл 8 ай жана 21 күн камакта болушту.

Бектура Асанов менен Кубанычбека Кадыровду КР ЖК 295 жана 27 беренелери менен «Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү же бийликти күч менен кармап туруу» айыптуу деп табышкан.
Эрнест Карыбековду болсо КР ЖК 339 беренесинин 2б. «Өтө оор кылмышты жашыруу» жана 292 беренеси «Мамлекетке чыккынчылык кылуу» менен соттошкон.
Саясатчылар жана жарандык активисттер бул коюлган күнөөлөрдү саясий өңүттөгү куугунтук деп аташат.

Вероника Малышева
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх