Сооронбай Жээнбеков президенттин аппаратынын бөлүм башчысын кызматтан алды
Мамлекет башчынын жарлыгына ылайык Анарбек Исмаиловдун ордуна Улан Абилов келет
Президент Сооронбай Жээнбеков президенттин аппаратынын укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Исмаилов Анарбек Касымовичти башка кызматка которулгандыгына байланыштуу ээлеген кызматынан бошоткон жарлыкка кол койду.
Дагы бир жарлыкка кол коюу менен президенттин аппаратынын укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчылыгына Абилов Улан Жеңишовичти дайындады.
Улан Абилов 2014-жылдан бери бул бңлүмдө иштейт жана 2018-жылдын бирдин айынан баштан бөлүм башчынын орун басары болуп эмгектенген.
Президенттин аппаратынын саясий маалымат бөлүмү
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз