Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Надира Сатыгул кызы: Мен шайлоо боюнча бардык документтерди Атамбаевге калтырып кеткем (видео)

Жээнбековдун шайлоо штабынын мурдагы эсепчиси документтердин мындай болуп интернетке чыгып ызы чуу болуп кетишин ойлогон да эмесмин дейт

Сооронбай Жээнбековдун шайлоо штабынын мурунку эсепчиси Надира Сатыгул кызы камера алданда туруп Кыргызстандан эмне үчүн кетип жаткандыгы тууралуу айтып берди. Анын видеосу Oper.kg сайтында пайда болду.

Ал аял Алмазбек Атамбаевдин жакыны Икрамжан Илмияновдун кармалышынан кийин республикадан чыгып кетүүнү чечкен. Анын айтымында, артынан кимдир бирөөлөр байкоого алышкан.

«Мен мунун баарын Алмазбек Шаршеновичке айтып бердим, ал мага менин коопсуздугум үчүн өлкөдөн чыгып кетүүгө кеңеш берди, - деп түшүндүрөт Сатыгул кызы. Мен баарын таразалап көрүп, макул болдум. Мен эч кимден качпайм, жөн аган менин көрсөтмөм аркылуу кимдир бирөөлөр өз пайдасына иштеп албасын деп жатам. мен кетээрдин алдында бардык документтерди Атамбаевге калтырып кеткем. Мен документтерди ал интернетке чыгарып жиберишин билген эмесмин. Мен ал документтер жарыяланган кезде аябай кыжаалат болдум. Бирок кийин чындык деген чындык да, деп өзүмдү соороттум. Балким ушундай болгону дурустур».

Сөзүнүн акырында Надира Сатыгул кызы Бишкекке аны эч ким куугунтукка албагандыгына көзү жетээри менен сөзсүз кайрылып келээрин кошумчалады.

Эске салсак, мурда Vesti.kg сайты КСДП расмий өкүлү Кундуз Жолдубаеванын Сооронбай Жээнбековдун шайлоо штабынын эсепчиси Надира Сатыгул Кызынын Кыргызстанга жакынкы убакта келгени жаткандыгы тууралуу билдирүүсүн чыгарган эле.

Ошону менен бирге, Кыргыз Республикасынын ИИМ маалыматы боюнча, президенттикке талапкердин шайлоо кампанисындагы чыгымдары тууралуу текшерүү иштери аяктап калды. Президенттикке талапкердин борбордук шайлоо штабынын жетекчилери, начальниктери жана облустук, аймактык шайлоо штабдарынын кызматкерлери суракка алынды.

Каржы маселеси боюнча ыйгарым укуктуу Надира Сатыгул кызы Кыргызстандын чегинен чыгып кеткендигине байланыштуу, кайтып келээри менен ИИМ Тергөө кызматына түшүндүрмө берүү үчүн чакырылат жана ошондон кийин акыркы чечим чыгарылат.

Вероника Малышева
Oper.kg видеосу

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх