Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Депутат Камчыбек Жолдошбаевдин күйөө баласын Бишкек ИИМБ чакырды

Ошондой эле кадрлар карамагында турган мас болгон подполковник сүзгөн машиналардын ээлери да милицияга чакырылды

Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Жолдошбаевдин күйөө баласы, милициянын подполковниги Айбек Сыдыков, мас абалында жол кырсыгын жасап, Бишкек ИИМБ чакырылды. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына ордо калаабыздын ички иштер Башкы башкармалыгы билдирди.

- Бүгүн саат 17:00 жабырлануучулар, башкача айтканда машиналардын ээлери Бишкек ИИМБ келиши керек, - деп маалымдашты милициядан.

Укук коргоочулар мурдагы кеисиптешинин кайда экендигин билишеби, же жокпу, азырынча бизге белгисиз.

Эске салсак, чуулгандуу окуя быйыл бирдин айынын онунда болду. Айбек Сыдыков Гоголь жана Чүй көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгын жасады, андан соң айып аянтчасында токтотулуп турган үч машинаны барып сүздү.

Ошондой эле окя болгон жерден Сыдыков качып кетип калган. ИИМ маалыматы боюнча, жыл кырсыгын кылган айыпкер кызматынан бошот улуп ң, азыр кадрлар карамагында жүргөн. Ал 2017-жылы «Ретро Метро» түнкү клубунда ок аткандан кийин шарттуу түрдө кесилген болчу.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх