Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Усубалиевдин небереси мурдагы Фрунзенин обьектилерин чоң атасынын атына которбоону суранды

Анткени менен Турдакун Усубалиев Фондундагылар мамлекеттик ишмерге анын өлкөгө кошкон салымы үчүн башка обьектилерге атын коёлу деп жатышат

Турдакун Усубалиев атындагы Коомдук фонддогулар Бишкектин райондорунун аттарын башкача кылып которуу улуу муундагыларды оңтойсууз абалда калтырат, анткени алар Фрунзе шаарында өсүп, чоүоюшкан, андай кылуу Кыргызстандын борборунун көркүн бузат деп эсептешет. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына бул уюмдун аткаруучу директору жана мамлекеттик ишмердин небереси Эсен Усубалиев билдирди.

- Коомдук фонд шаардын кайталангыс тарыхый бөлүгүн өзгөрүүгө алып келе турган аттарды которбоону суранышат, - дейт ал. - Фонд ошол муундун адамдарынын аң сезимине, жана психологиясына таасир эте турган өзгөртүү киргизип, ыңгайсыздык жарата турган ат коюуга каршы.
которое выросло в старом Фрунзе. Пожалуй, переименование районов относится к таким изменениям. Ал муундагылар Фрунзенин ошол көчөлөрүндө жашап, чоңоюшкан. Ал эми Кыргыз ССР Компартиясынын борбордук комитетинин биринчи секретарынын атын башка обьектилерге коюшса, анда фонд мындай ойду колдойт, анткени Турдакун Усубалиев өлкөнүн өнүгүүсүнө салым кошкон.

Бүгүн Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Канатбек Музуралиев («Республика – Ата-Журт») кайрадан эски аянтка Турдакун Усубалиевдин атын коюу маселесин көтөрүп чыкты. Андан сырткары Киев көчөсүндө «Газпром» компаниясы куруп жаткан жаңы мектепке да анын атын берүү сунушталды.

Анын кесиптеши Бактыбек Абдиев Эски аянтты жана Свердлов районун мамлекеттик ишмердин атына которуу өткөн БШК жыйынында каралгандыгын айтты.

«Биз азыр чечимди күтүп жатабыз. Өт берүү боюнча да өкмөттүн чечимин күтүп жатабыз», - деди ал.

Өкмөттүн маалымат кызматы болсо Vesti.kg сайтына бул маселе боюнча комментарий берүүдөн баш тартты.

Чынында эле, 2018-жылы жетинин айында Свердлов районуна Кыргыз ССР Компартиясынын борбордук комитетинин биринчи катчысы Турдакун Усубалиевдин ысымын берүү айтылган. Андан да мурун Усубалиевдин ысымын борбор шаардын бир көчөсүнө берүүнү кароо сунушталган.

Эске салсак, мурда Vesti.kg сайты Турдакун Усубалиев атындагы Коомдук фонддун расмий директору жана мамлекеттик ишмердин небереси Эсен Усубалиевдин комментарийин жазып чыгарган эле. Ал Чыныбай Турсунбековдун Киев көчөсүнө анын атын берүү сунушуна карата оюн айткан эле.

«Турдакун Усубалиев өзү бир канча жолу айткан, шаардын тарыхый аталышын буза тургшан кайсы гана ат которуу болбосун ал каршы экендигин, анткени андай кылуу шаардын кайталангыс көрүнүшүн бузат. Ал эмим Фрунзе шаарында болсо Киев көчөсүнүн өзорду бар».

Коомдук фонддогулар Чыныбай Турсунбековго ыраазычылыгын билдиришти, бирок антип ат которуу бюджетке акталбай турган чыгым алып келүү менен бирге тарыхый мурастын жоголушуна алып келээрин айтышты. Бир кезде ушул шаарды курган адамдардан эстелик катары кала берүүсүн өтүнүштү.

Турдакун Усубалиев 1919-жылы жетинин айынын алтысында туулган. Эмгек жолун Нарын облусунун Кочкор айылында мугалим болуп иштөөдөн баштаган.
24 жыл Кыргыз ССР КП БК биринчи секретары болуп иштеди, 1961-жылдын бугу айынын тогузунан баштап 1985-жылдын жетинин айынын экисине чейин.
Бул мезгил Бишкек үчүн өнөр жай или, билим менен айыл чарбанын, жалпы турак жай курулушу менен Ала-Тоо жана Жеңиш аянттарындагы архитектуралык курулуштардын бүтүшүнүн доору болду.

Ошол мезгилде Токтогул ГЭС жана бир катар башка электр станциялары курулду. Ал биринчи секретарлыктан эс алууга кеткенден кийин аны кызматынан кыянаттык менен пайдаланган деген айып тагышып КПССтен чыгарып салышкан. Бирок ал өзүнүн айыптуу эмес экендигин көп пункттар менен далилдеп жана катуу сөгүш алуу менен партияга кайрадан кирген. Кийинчерээк кайра чыгарып салышкан.

2008-жылдын кулжа айында «Бирдиктүү Кыргызстан» саясий кыймылынын түзүүчүлөрүнөн болгон. 2015-жылы аяк оона айынын жетисинде 96 жашында Бишкекте каза болду.

Ольга Федорчук
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх