Жазында Курултайда Сооронбай Жээнбековдун отчетун угушат
Андан сырткары, УКМК коррупцияга каршы кызматын жоюу сунушталып жатат
Кыргызстанда келе жаткан жазда боло турган Курултайдын экинчи этабында президент Сооронбай Жээнбековдун отчетун угуу ниеттелип жатат. Бул туурасында кечээ тегерек үстөлдө элдик жыйынды уюштуруучулардын бири Азимбек Бекназаров билдирди.
Белгилүү болгондой, курултайчыларды мамлекет башчыга «бири бирине уятсыздык менен өткөрүп берип, бийликти узурпациялоо механизмдерин жок кылып, демократиялык түзүлүштүн демократиялык негиздерине мүмкүн болушунча эртерээ кайтып келүүгө» чакырган сунушту айтууга даярдап жатышат.
Андан сырткары, жыйындын катышуучулары УКМК коррупцияга каршы кызматын жоюуну, коррупциялык схемадан болгон чыгымды толугу менен аныктоону, Алмазбек Атамбаевдин айланасындагылардын мыйзамга каршы иштерин иликтөөнү, саясий туткундарды боштондукка чыгарууну талап кылышат.
Катышуучуларга таркаткан резолюциянын орусча вариантында «А.Атамбаев түзгөн уюмдашкан мамлекеттик кылмыштуу топтун жетекчилери, алардын курамында Башпрокуратура, УКМК, АКИПРЕСС агенттиги жана сот органдары», деп жазылган. Ал эми кыргызча вариантында болсо бул абзац жок. Ушул себептүү Бекназаров өзүнүн нааразычылыгын билдирди.
Анын айтымында, резолюциянын орусча вариантынын ким тарабынан түзүлгөндүгүн ал билбейт, ошондуктан ал кыргызча вариантка эч кандай тийешеси жок.
расмий тилдеги вариантты ким таркаткандыгы табышмак бойдон кала берди.
Толкун Сагынова
Сүрөт www