Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Айдоочуларга айып пулду өз убагында төлөөгө түрткү берүү керек

Бирок өз убагында төлөбөгөндөрдү өз жайына койбоо керек деп эсептейт укук коргоочу Рита Карасартова

Жол эрежесин бузгандар айып пулду аз убакыттын ичинде төлөсө суммасын кыкартууну сунуш кылат укук коргоочу Рита Карасартова. Ал мындай деген оюн Vesti.kg сайтына бөлүштү.
- Мисалы, эки жуманын ичинде төлөп койсо 50 пайыз арзандатуу, - деп түшүндүрдү ал. - Ал эми кимде ким төлөөдөн баш тартса, анда ага мыйзамдын чегинде чара колдонуу керек.

Жол эрежесин бузуучулар салынган айып пулду бир айдын ичинде төлөөсү зарыл, антпесе пеня кошула баштаарын белгилей кетели.

«Эгерде айдоочу төлөөдөн баш тартса, анда биз сотко кайрылып аны төлөөгө милдеттендиребиз, - дейт ЖКККМБ начальнигинин орун басары Нур Сатыбалдиев. -Эгерде эреже бузуучу анда да айып пулду төлөбөйм десе, анда сот анын мүлкүн камакка алат».

Андан сырткары, автоунааны кайра каттатып жатканда төлөнбөгөн айып пулдары бар болсо, төлөмөйүнчө кайра катталбайт.

Эгерде түкүрүк тууралуу коомчулуктун нааразычылыгын эске сала турган болсок, бул чаралар жарандар үчүн кыйноодой эле сезилген. Анткени менен Рита Карасартова антпесе болбой калды дейт.

- Айып пулду өндүрүүнүн башка ыкмасы жок, - деп түшүндүрдү ал. - ЖКККМБ жеткирген билдирүүнү даректик базадан текшерүү керек. Эгерде жарандын мүлкү жок болсо, эмне кылууну караштырып көрүү керек.

Юрист Жумабек Арстанов укук коргоочунун ою менен макул болот.

- Эгерде эреже бузуу бар болсо, башкача айтканда анын төлөбөгөн айып пулу бар болсо, - дейт ал Vesti.kg сайтына. - Айып пулду төлөбөй турган болсо, анда мүлкүн камакка алуу кадимки эле көрүнүш. Алдын ала келишим түзүп, ай сайын төлөп тура турган кылуу керек.

Эске салсак, азыр камералар Бишкектин төмөндөгү жерлерине орнотулду:
- Жибек Жолу көчөсү менен Жаш Гвардия бульвары;
- Чүй проспектиси - Фучик көчөсү;
- Чүй проспектиси - Бейшеналиева көчөсү (Ош базарынын жака бели)
- Жибек Жолу көчөсү - Фучик;
- Чүй проспектиси - Жаш Гвардия бульвары;
- Бөкөнбаев көчөсү - Абдрахманов көчөсү;
- Жибек Жолу көчөсү - Курманжан Датка көчөсү;
- Москва көчөсү - Абдрахманов көчөсү;
- Горький көчөсү - 7-апрель көчөсү.

Ольга Федорчук
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх