Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыровду колониянын алдынан Жогорку Кеңештин депутаттары тосуп алышты

Камактан чыккан оппозиционердин бири бүгүн Ысык-Көлгө эс алганы кетти

Камактагы оппозиционерлер Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыровдор кечээ боштондукка чыгышты. Колониядан чыгаарда саясий камакта болгондорду туугандары менен жакындары тосуп алышты.

Кубанычбек Кадыровдун иниси Марс Кадыровдун Vesti.kg сайтына айтып бериши боюнча, бошотулган саясатчылар дароо эле үйлөрүнө бет алышты.

- Кафеде майрамдоо болгон жок, баары өз үйлөрүнө туугандары менен кетишти, - деп белгиледи ал. - Бүгүн эртең менен байкем Ысык-Көлгө кетти. Борборго бир нече күндөн кийин келет. Кечээ мындан ары эмне кылаары тууралуу, саясатка кайрылып келээри тууралуу сүйлөшкөнгө мүмкүнчүлүк болгон жок.

Саясий камактагыларды коргоо Комитетинин башчысы Сапар Аргымбаев өз кезегинде оппозиционерлерди күчтү, эрктүү жана эр жүрөк деп атады.

Алар оор сыноону баштарынан кечиришти, бирок сынган жок, - деди ал Vesti.kg сайты менен болгон маегинде. - Менин оюмча, алар камалганга чейин эмне иш менен алек болушса ошону улантышат.

Белгилүү болгондой, Кубанычбек Кадыров менен Бектур Асановду колониядан чыкканда тосуп алуу үчүн белгилүү саясатчылар жана Жогорку Кеңештин депутаттары барышты.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх