Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Номерине ылай шыбап алган айдоочулар менен кантип күрөшүшөт? ИИМ ЖКККМБ жообу

Маичилер номерин камерадан жашырып куулангандардын артынан түшөт

Кыргызстандын айлакер айдоочулары «Коопсуз шаар» долбоору ишке ашаары менен жол эрежесин бузууга салына турган айып пулдан качуунун амалын издей башташты. Социалдык тармактарда номерине ылай жабыштырып алган авунаа ээлеринин сүрөттөрү талкууга алына баштады. Ошондой кылса камералардын каттоого алышы кыйын болуп калат экен.
Vesti.kg сайты ИИМ жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо Мамлекеттик башкармалыгы мындай жарандар менен кантип күрөшөөрүн аныктоону чечти.

- Жолдо жүрүүүнүн эрежесине 1 шилтеме бар, ал «Транспорт каражаттарын бузук жана колдонбой турган шарттардын тизмеси» деп аталат, - деп түшүндүрүштү. - Ал жерде 7-пунктта - «конструкциянын кошумча элементтери»жана 7.11 подпунктунда айтылгандай, «транспорт каражатынын каттоо белгиси стандарттын талаптарына жооп бербейт». Башкача айтканда транспорт каражатынын номери 30 метрден окула турган болушу керек.

Мындай эреже бузуу үчүн физикалык жактарга 1000 сом, юридикалык жактарга 5000 сом өлчөмүндө айып пул салынат деп билдирилет.

- Инспекторлор жолдордо андай номерин жашырып эреже бузгандарды байкап турушат, - деп кошумчалады ЖКККМБ. - Азыр Жогорку Кеңеште транспорт каражаттарын башкаруу жоопкерчилиги жана номери жасалма же жок транспортторду карай туган мыйзам долбоор турат. Документ үчүнчү окууда жактырылды. Норманы кабыл алаары менен бизге караңгылатуу үчүн чара колдонуу укугун да кайрып беришет.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх