Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Башпрокурор эмне үчүн Ольга Лаврова тергөө абагында отурбагандыгын түшүндүрдү

Кыргызстандын мурунку каржы министринин мүлкү камакка алынган

Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков эмне үчүн мурдагы каржы министри тергөө абагында отурбай, үйүндө отургандыгына түшүнө албай турам дейт. Ал бул тууралуу Жогорку Кеңештин пленардык жыйынында билдирди.

- Мен түшүнө албай турам, Лавровага айып тагылдыбы? - деп кайрылды башпрокурорго Өткүрбек Жамшитов.

Көзөмөл органынын башчысы өз дакладында Лаврова тууралуу айтып өткөндүгүн эскертти.

- Ооба, ага айып тагылган, анын мүлкү да камакка алынган, - деди Жамшитов.

Момбеков өз кезегинде мурунку каржы министрин кылмыш ишинин башка катышуучулары сыяктуу кылып эмнеге камакка албагандыгын түшүндүрүүнү өтүндү.

- Бул чечим анын өз чечими үчүн жооп бербешке укугу бар экендигинен кабар берет, - деп белгиледи башпрокурор. - Бирок элдерди тергөөгө тартуу проактикасы бар. Аларды эч жакка чыгып кетпөө тууралуу же үй камагына алуу менен коё берсе болот.

Рыскелди Момбеков Бишкек ЖЭБ модернизациясы тууралуу иштин документтеринин баары сотко өтк-ндүгүн, ошондуктан абайлап сүйлөшүн кошумчалады.

- Бул сотторго басым жасаган катары кабыл алынып калышы мүмкүн, - деп сөзүн бүтүрдү ал.

Түшүндүрө кетели, бүгүн парламентте өкмөт депутаттардын алдында борбор шаардын ЖЭБ калыбына келтирүүдөгү коррупция боюнча ишти иликтөө тууралуу отчет берип жатат.

Вероника Малышева
сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх