Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

КСДП Атамбаев менен Исаковдун кат алышуусу тууралуу иликтөө жүрүп жаткандыгын билген эмес

Партиядагылар экс-президенттин өзгөчө макамы бар экендигин эскертишти

КСДП Бишкек ЖЭБ модернизациялоодогу коррупцияга Алмазбек Атамбаевдин катышы бардыгы тууралуу укук коргоо органдары тарбынан иликтөө жүрүп жаткандыгы тууралуу эч нерсе билишпейт. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына партиянын расмиф өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди.

- Алмазбек Шаршеновичтин өзгөчө макамы болгондуктан ага карата эч кандай тергөө амалдары болушу мүмкүн эмес, - деп эске салды ал. - Ал эми Сапар Исаков менен Алмазбек Атамбаевдин кат алышуусу тууралуу материалдарда биз бүгүн ЖМК билдик. Бизге расмий билдирише элек.

Түшүндүрө кетели, бүгүн Жогорку Кеңештин пленардык жыйынында башпрокурордон Алмазбек Атамбаев борбор шаардын ЖЭБ модернизациясына тийешеси барбы деп кызыгып сурашты.

Бул суроого УКМК Башкы тергөө башкармалыгынын начальнигинин орун басары Сагынбек Самидинов башка кызматтагы адамдар жана мамлекеттик кызматкерлер тө турган дагы 12 иш бар экендигин билдирди. Иликтөө иши бүтө элек, эгерде эксөпрезиденттин аралашкандыгы аныкталса, анда ал иш аракет өз укуктук баасын алат.

Өз кезегинде башпрокурор Өткүрбек Жамшитов эл өкүлдөрүнөиштин материалында Алмазбек Атамбаев менен Сапар Исаковдун кат алышуусу бар деп айтты.

- Бул документтер өзүнчө өндүрүшкө бөлүнүп коюлду, - деп сөзүн аяктады.

Вероника Малышева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх