Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкектиктер көчөдө калган Нурланга жумуш таап берип сактап калышты (сүрөт)

Аз жерден селсаяк болуп кала жаздаган кишиге жууркан, төшөк жана жылуу кийимдер керек

Боорукер бишкектиктер кышында көчөдө калган кишини сактап калышты.

Виктория Коннор деген жаш кыз Нурлан менен Бишкектин соода борборлорунун биринде таанышып калат.

Ал кишиге жардам керек экендиги тууралуу кыз Instagram социалдык тармагында айтып берген. Виктория Коннор мекендештерди ал адамга жардам берүүгө чакырган. Анткени Нурлан аракеч эмес экен.

«Мен сиздерге Нурландын таржымалын айтып бергим келет, алдын ала айтып коёюн, ал селсаяк да, аракеч да эмес. Мен нурлан менен бүгүн кечинде тааныштым. Мен аны азык түлүк бөлүмүнөн көрдүм, ал бир бөтөлкө сүт сатып алды да кайыр сураганы кетти. Андан соң чогулган тыйындарын эсептеп отургучка отура кетти. Мен ага басып келип, менден эмне жардам керек деп сурадым. Ал мага өзүнүн өмүр баянын айтып берди», - деп жазатВиктория.


(орфография жана пунктуация бузулбай берилди)

Нурлан 48 жашта, математика жана колдонмо информатика жаатында жогорку билими бар экендиги айтылат. Ал киши бир нече жылдар Москвага иштегени кетип, ал жакта үйлөрдү, батирлерди оңдоо менен алектенген. Бирок аны депортация кылып жиберишкен.

«Мекенине кайткан кезде ал жашай турган жери, үйү жок калган. Апасы оорулуу болчу, ошондуктан тапкан акчасынын баарын ошонун дарыланшына салчу. Бирок ал каза болгондон кийин үйүн мамлекет алып койгон. Анткени ал үй приватташтырылган болчу. Байкеси да каза болгон, жеңеси болсо мүлкүн сатып башка жакка көчүп кеткен. Туугандары жок. Ал Бишкекке келгенде анын баары жогун уурдап, телефону да, документтери жана буюмдары жок калган. Ал үйлөрдүн кире бериштеринде түнөгөн, бирок аны жашоочулар чыгарып салышчу. Бир жашоочу болсо аны сабаган. Азыр ал түндөрдү интернет клубдарда өткөрөт. Түнү боюга түлүп таң аткыча отурат. Ал жерден да аны кууп чыгышчу болду», - дейт ал.

Кыз, Нурландын сакал, муруту алынган кебетеси, анын тартиптүү адам экендигинен кабар берип турат деп белгиледи.

«Анын тиштери жакшы. Демек, бул анын ичпегендигин жана туура өмүр сүргөндүгүн билдирет. Анын бети шишген, көгөргөн эмес, эгерде ичкен болсо, ошентмек. Ал жуунганы мончого бараарын жана кир эмес экендигин айтты. ал соода борборунда ным болгон ымчан отурду, мончого барганда шымын жууган экен. Бирок ал жерде убакыт ченелүү болгондуктан, баттан шымын кийип курганганы соода борборуна келет. Анын чөнтөгүндө буттун жарылганына каршы мазь жана антисептик бар экен. Анын жакшыраак жылуу кийими да жок экен. Ал менден байпак сурады. Анткени бут кийимин коңултак кийгендигине байланыштуу бутун өйкөп салыптыр, канталап жүрөт. Анын бутундагысы аскерлер кийчү жакшы эле бут кийим, бирок ал бутун өйкөй берет экен», - деп белгиледи Коннор.

Учурда Нурлан паспорт алууга арыз берди. Анткени ал паспорту жоктугуна байланыштуу жумушка орношо албай жаткан.

Викториянын аңгемесинен кийин социалдык тармактарда боорукер бишкектиктер Нурланга жылуу кийим жана төшөктөн жардам беришти.
Бирдин айынын он экисинде алкыз аны менен соода борборунда жоолугушууну болжошту. Жардамга Наталья келди, ал жардам аркасында сакталып калган киши тууралуу аңгеменин уландысын жарыя кылган болчу.

«Үйдүн кире беришинде түнөгөндүктөн ал ябай үшүп калыптыр. Виктория тамак алып келип берди, элдер ага азык түлүк, жуунучу каражаттарды, жана башка нерселерди алып клип беришти. Мен аны жуунуп таранып, жылынып өзүнө келүү үчүн мейманканага алып бардым. Бирлин айынын он үчүндө бир жакшы киши аны жумушка алды. Ал жерде тамагы, айлык акысы жана жатаканасы бар экен. Анча мынча буюмдарын мен жеткизип бердим», - деп айтып берет Наталья.
(орфография жана пунктуация бузулбай сакталды)

Эми Нурланга жууркан, төшөк, шейшеп жана жылуу кийимдер керек.

Ал кишиге жардам берүүнү каалагандар үчүн телефон номери 0550444483.

Манас Көлбаев
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх