Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Депутат Камчыбек Жолдошбаевдин күйөө баласына карата кылмыш иши козголду

Мас болуп, жол кырсыгын кылган милициянын подполковниги, ИИМБ үчүнчү күнү гана араң келди. Аны кызматтан бошотушту

Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Жолдошбаевдин күйөө баласы, милициянын подполковниги Айбек Сыдыковго карата «Бейбаштык» беренеси менен кылмыш иши козголду. Бул туурасында Vesti.kg сайтына Кыргызстандын ИИМ маалымат кызматы билдирди.

Эске салсак, Айбек Сыдыковушул жылы бирдин айынын онунда Гогольжыны Чүй проспектисинин кесилишинде жол кырсыгын кылып, андан соң айып аянтчасында токтоп турган үч машинаны сүзүп салып, качып кеткен.

- Бул факт кылмышты каттоонун Бирдиктүү реестринде катталган. -Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери болуп жатат. Жол кырсыгынын күбөлөрү, жабырлануучулар, Сыдыковдун өзү жана Бишкек ИИМБ ЭКККБ инспекторлору суракка алында.

Мурда укук коргоо органындагы булактар Vesti.kg сайтына Айбек Сыдыковдун ошол күнү айып аянтчасынан качып кеткендигин билдиришкен болчу.

- Ал үч күн даганда араң келип, кылмышын мойнуна алды, - деп билдиришти ИИМ. - Тергөө амалдары бүткөн соң сот жаза колдонууну аныктайт.

Ошону менен бирге ИИМ Айбек Сыдыковдун ички иштер органынан бошотулгандыгын билдирди.
Мурда жол кырсыгынын күнөөкөрү ызматынан бошотулуп, азыр кадрлар карамагында экендиги билдирилген болчу.

Эске салсак, иштеп аткан учурунда милициянын кызматкери Сыдыков шарттуу түрдө мөөнөт алган, анткени ал 2017-жылы «Ретро Метро» түнкү клубунун жанында ок аткан.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх