Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Чамасы,Туйгунаалы Абдраимов Атамбаев менен Жээнбековду өзү эле элдештирейин деп чечкен окшойт»

Чүй облусунун башчысын Жээнбеков БАЭ барып, Атамбаевге жоолугуп кел, дебесе керек деген пикирлер бар

Чүй облусундагы өкмөттүн ыйгарып укуктуу өкүлү Тйгунаалы Абдраимов - эр көкүрөк адам. Анын Жээнбеков менен Атамбаевди элдештирем дегени, өз демилгеси эле болуш керек. Мындай деген ойду саясат таануучу Марат Казакпаев Vesti.kg сайтына билдирди.

- Мен Абдраимовдун азыркы президент менен жакшы мамиледе экендигин жакшы билем, бирок ал Атамбаев менен анын суранычы боюнча сүйлөшүшүнө ишенбейм, - дейти Казакбаев. - Чамасы, ал өзү эле экөөнң элдештиргиси келсе керек. Анын үстүнө мамлекет башчы деле Атамбаев экөөнүн ортосундагы келишпестикке камырап деле койбойт го. Сооронбай Шарипович жөн гана өз ишин кылып жатат. Деги эле президенттердин ортосундагы кер мур сөздөр жеке өңүттө гана болсо керек, алардын талашы коомчулукка залакасын тийгизбейт.

Түшүндүрө кетели, Чүй облусундагы өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү Туйгунаалы Абдраимов ЖМК бирине берген интервьюсунда БАЭ Атамбаев менен жоолуккандыгын айткан.

Анын сөзү боюнча, Атамбаев менен Жээнбековду элдештирүү элдин ынтымагын ширетет.

«Биз элдин ынтымагы жана тынчтык үчүн, сый гана сүйлөштүк», - деп келтиришет анын сөзүн журналисттер.

Вероника Малышева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх