Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстандын архитекторлор Уюмунун имаратын мыйзамсыз тартып алганы жатышабы?

«Чиновниктердин кайдыгерлигинен имарат,эстелик, шаар жана кыштактарды долбоорлоочу жүздөгөн адистер көчөгө чыгарылып ташталат»

Кыргызстандын архитекторлор Уюму өзүнүн имараты жок калышы мүмкүн. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына уюмдун төрагасы Алымбек Абдраимов айтып берди.

- Кыргызстандын архитекторлор уюму 1994-жылдан бери Манас проспктиндеги бир имараттын бөлүгүндө отурушат, - деп түшүндүрдү ал. - Бул имаратты биз акысыз түрдө өкмөттүн 2009-жылкы токтому менен пайдаланып келгенбиз.
Бирок, акыркы жылдары президенттин иш Башкармалыгынын алдындагы мамлекеттик имараттар Департаменти бул имараттан биздин уюмду чыгарууга максаттуу кириш калды. Кечээ бизге департаменттен келип жана өкмөттүн чечими тууралуу эч кандай документсиз жана мүлктү кабыл алып жана өткөрүп берүүчү актысы жок эле бизди кечке чейин имараттан чыгып кеткиле деп талап кылды.
Алымбек Мекенович архитекторлор Уюму Кыргызстандагы бирден бир ири жана эски уюмдардан экендигин кошумчалады.

- Биз президентке бизди кабыл алуусун өтүнүп кат жаздык, - деп белгиледи ал. - Биз имаратты бошотконго деле макулбуз, бирок алар талап кылгандай эмес, өкмөттүн токтому болсо гана чыгып кетебиз. Бүгүн чиновниктердин кайдыгерлигинен шаарларды, имараттарды, эстеликтерди жана кыштактарды долбоорлоочу жүздөгөн адистер көчөгө чыгарылып ташталат.

Вероника Малышева
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх