Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Эс алуудагы полковникти мурдагы кесиптештери УКМК суракка чакырышты

Абдымалик Мырзаев аны «кытайга каршы митинг» уюштурганга айыпташы мүмкүн дейт

УКМК эс алуудагы полковниги Абдималик Мырзаевди улуттук коопсуздук Мамлекеттик комитети суракка чакырды. Ал бул тууралуу социалдык тармактагы өздүк баракчасынан билдирди.

«Бүгүн 15.02.19г. саат 11-00 мени УКМК суракка чакырып жатышат, - деп жазат Мырзаев. - 17.01.19 болгон митингди мени уюштурду деп шекшип жатышат. Мен ал митингге барган да эмесмин, мен андай сөзгө каршы да болчумун. Бирок, биздин чекисттерибиз менден террорист жасагылары келип жатат окшойт». (Орфография жана пунктуация бузулбай берилди)

Эске салсак, 2014-жылы Улуттук банктын төрагасынын мурдагы орун басары жана «Элдик фронт» оппозициялык кыймылынын лидери Абдымалик Мырзаевге мыйзамсыз куралдуу топту түзүү жана күч менен бийликти басып алуу же күч менен бийликти кармап туруу беренеси менен айыпташкан.

Вероника Малышева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх