Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстандын архитекторлор Уюмунун имаратын тартып алууга Максим Бакиев күнөөлүбү?

Кыргызстандын адистерине Эл аралык архитектура академиясынын вице-президенти да тарапташ болду, бирок катка жооп берүүдөн баш тартып коюшту

Кыргызстандын архитекторлор Уюмунун имаратын Максим Бакиевдин тапшырмасы менен чыккан токтомдун негизинде тартып алышат. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Эл аралык архитектура академиясынын Академиялык борборунун жетекчиси жана «Кыргызреставрациянын» директору Жумамедель Иманкулов айтып берди.

- Мамлекеттик имараттар Департаментинин өкүлү кечээ архитекторлорго имараттарды бошотуп коюуну айтты. Ал муну 2009-жылы чыккан премьер-министр Игорь Чудиновдун токтомуна таянып жасап жатат, - деди ал. - Ал ошол учурда Максим Бакиевдин тапшырмасы менен ошондой документ чыгарган болчу. Ыңкылаптан кийин ал тууралуу унутуп калышкан эле. Эми кимдир бирөөгө бул имарат керек болуп,эстеп жатат бейм. Бул нерсе мыйзамдуубу өзү?

Эл аралык архитектура академиясынын Академиялык борбору архитекторлор Уюмунун бир имаратында жайгашкан эле. Ал жерде Эл аралык архитектура академиясынын координациялык кеңешмесинин жыйыны өтчү. Ушундай маанилүү иш чара болоордун астында ишкананы имаратсыз калтыруунун кереги бар беле.

Бирок мамлекеттик имараттар департаментинин келишине чейин архитекторлор деле ойлонуп, аракет кылып жатышышкан бул маселени чечкенге. 2018-жылы жетинин айында Жумамедель Иманбаев Москвада МАА академиялык кеңешменин жыйынында Орусиянын ахитекторлор Уюмунун экс-президентине жана бир катар Орусиянын ушул жаатагы мекемелеринин жетекчилерине барып арызданган. Ал президент Сооронбай Жээнбековду алтымыш жылдыгы менен куттуктап архитекторлордун көйгөйүнө көңүл буруп коюусун суранган. Ошондой эле 2020-жылды Шанхай кызматташтык уюмундагы мамлекет башчылардын архитектура жылы деп кабыл алышкандарын эсине салды.

- Кат президенттин жана өкмөттүн иш Башкармалыгына жеткен. Ал жерден Кыргыз Республикасынын турак жай-коммуналдык чарба жана курулуш, архитектура Мамлекеттик агенттигине келип түшкөн. Ал жерде жөн гана баш тартып коюшту, - деп шаабайы сууйт Иманкулов.

- Өкмөттөгүлөр маданият Министрлигине жана башкаларга көйгөй тууралуу билишээрин жана ар тараптуу колдоорун билдиришти. Көңүл бурбай коюшту десек да болот.
Эл аралык архитектура академисынын Академиялык борборунун жетекчиси жана «Кыргызреставрациянын» башчысы адистерди көп жылдан бери отурган имаратынан айрыбоону өтүнөт.

Эске салсак, мурда Vesti.kg сайты Кыргыз Республикасынын архитекторлор Уюмунун төрагасы Алымбек Абдраимовдун бул тууралуу сөзүн жазып чыгарган болчу.

- Кыргызстандын архитекторлор Уюму 1994-жылдан бери Манас проспектиндеги имараттын бир бөлүгүн ээлеп отурат, - деп түшүндүрөт ал. - бул имаратты биз 2009-жылы чыккан токтомдун негизинде акысыз колдонуп келебиз. Бирок акыркы жылдары президенттин иш Башкармалыгынын алдындагы мамлекеттик имараттар Департаменти биздин уюмду бул имараттан чыгарууга ниетин буруп калды.
Бүгүн чиновниктердин көңүл коштугунун айынан имараттарды, шаарларды, эстеликтерди жана кыштактарды долбоорлогон жүздөгөн адистер көчөгө чыгарылып ташталат.
Кечээ биздин уюмдун кеңсесине мамлекеттик имараттар Департаментинен кызматкерлер келип, архитекторлорду саат 17:00 чейин бошотуп коюуну талап кылышты.

Ольга Федорчук
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх