Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Юрист: «Леонид Маевскийдин айыбы - Өмүрбек Текебаевдин ишин кайра кароого негиз эмес»

Икрамидин Айткуловдун сөзү боюнча, саясатчынын жактоочулары жана өзү да муну түшүнүп турат

«Ата Мекен» саясий партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин кылмыш ишин кайра кароого жиберишти. Бул тууралуу саясатчынын жактоочусу билдирет. Алардын айтымында күчүнө кирген жаңы Кылмыш жана Жазык Процессуалдык кодекстери буга негиз болуп берет. Материалдар Биринчи май райондук сотуна жиберилди, андан соң Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна өткөрүлүп берилет. Ошондой эле, «Адилет» укуктук клиникасы Башпрокуратура ЖАМК Текебаевдин көчмө абакка которула турган мөөнөтүн ката эсептеп койгондугу тууралуу катты катап жаткандыгын тактады. Жактоочунун ою боюнча, саясатчы №47 түзөтүү колониясын 2019-жылы мартта таштап кетиши керек болчу.
Өмүрбек Текебаевдин юристтери негизги күбө Маевскийдин камакка алынуусунан кийин ишти кайра кароону суранып жатышат. Аны Москвада 2018-жылы жетинин айында коркутуп талап кылуу менен 37, 5 миллион доллар пара алгандыгы үчүн айыптап жатышат.
- Маенвскийдин туура эмес көрсөтмө бергендиги Текебаевдин ишин кайра кароого негиз болуп бермек, - деп ой жүгүртөт жактоочу Шарабидин Токтосунов Vesti.kg сайты менен болгон маегинде. -Эгерде Маевский Москвада кимдир бирөөдөн пара алса, мурун да алдамчылык менен иш козголгон болсо, бул анын адамдык сапатынын көрсөткүчү эмеспи? Ал Текебаевге келгенде калп айтпай коймок беле? Бул да ишти кароого толук негиз болуп берет деп эсептейм.

Бирок бул аргумент юриспруденциядан түшүнүгү жок гана адамга таасир бериши мүмкүн, деп белгиледи белгилүү юрист Икрамидин Айткулов.

- Булар бири бирине эч тийешеси жок эки башка иш да, - деп таң калат ал Vesti.kg сайты менен болгон маегинде. - Маевский эмне менен айыпталса ошо менен айыпталсын, бирок анын Текебаевдин ишине тийешеси болбосо, эмненин негизинде кайра карайт? Бул «жаңы ачылган жагдай» эмес да. Эгерде тийешеси болсо, Маевскийди соттой элек болсо, соттун чечимин талап кылса болмок.

Анын ою боюнча, саясатчынын жактоочулары жана өзү да муну түшүнүп турат, бирок карапайым эл Текебаевдин актыгына көзү жетсин деп атайылап
жасап жатышат.
- Ал эми жаңы кодекстердин күчүнө кириши менен ишти кайра кароо өтүнүчү туура, - деп макул болот Айткулов. - Эгерде азыр жазык кодекси бул берене боюнча жумшагыраак жаза колдонсо, анда жеңилдетишет. Бирок кылмыштын квалификациясын өзгөртө албайт. Сот аны күнөөлүү деп тапты, бул чечим баары бир күчүндө кала берет.

Эске салсак, Өмүрбек Текебаев жана Дүйшөнкул Чотоновдорду ишкер Леонид Маевскийден MegaCom уюлдук операторун башкарууга мүмкүнчүлүк алып берүү үчүн 1 миллион доллар өлчөмүндө пара алган деп айыптап. Кыргыз Республикасынын ЖК «Коррупция» беренеси менен соттошкон. Экөөнү тең мүлктөрүн камакка алуу менен сегиз жылдан эркинен ажыратышкан.

2018-жылы жетинин айында Леонид Маевскийди жабырлануучудан ал тууралуу жаман маалымат таркатам деп коркутуп 37,5 миллион доллар пара алгандыгы үчүн кармашты.

«Тергөөнүн маалыматы боюнча, Москвада 2018-жылы жетинин айында Маевский алдын ала сүйлөшүп, белгисиз бирөөдөн 37,5 миллион доллар талап кылган, - деп Москванын Тверь соту сот отуруму убагында окуду. Ал жабырлануучуга баш тарта турган болсо, кадыр бьаркына доо кетирчү маалымат таркатам деп коркуткан. Бул факт боюнча жетинин айынын он төртүндө кылмыш иши козголдуп, анын эртеси аны кармап, айып тагышты».

Сергей Новиков
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх