Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Дагы кредитпи? Бишкекке стадион курабыз деп каражат издеп жатышат

 

«Коомдук талкууга коюлган жок, кай жерге курулаары да белгисиз. Жарандардын пикири менен эч ким эсептешкен да жок»

Бишкекке стадион курабыз деп дагы олчойгон карызга батырышабы? Өкмөттүн мындай чечимине  «Жашылдар партиясынан» чыккан жарандык активист Александр Толмачев өз пикирин билдирди.

- Бюджетибиз мүмкүндүк берсе бул нерсе албетте жакшы болчу, - дейт ал Vesti.kg сайтына. - Бирок биздин бюджет этегине тартса, башына жетпей турат да. Жаңы чыгымдар элдин жонунан гана кайыш тилет, шаар бийлиги «Спартак» стадионун деле араң кармап турат. Кээ бир чиновниктер электр энергиясына болгон тарифти жогорулатуу керек деп айтып жатышат, анткени Бишкек ЖЭБ ремонтуна алган кытайлардын кредитин төлөөгө акча жок. Ушул бизге жетишпей жатабы?

Ал буга окшогон ири долбоорду баштоодон мурда элдин пикирин угуп коюу ашыкча болбос эле деп баса белгиледи. Коомчулуктун пикирин угуу болгон жок дейт активист. Коомчулук алтургай стадиондун кай жерге курулаарын да билбейт.

- Мен процедура ушундай жол менен бузулду деп эсептейм, - дейт Толмачев. - Эгерде чиновниктер мындай нерселерди чече албаса, анда жоопкерчиликти коомчулукка жүктөсүн. Негизи стадионго караганда маанилүү социалдык көйгөйлөр көп дегилечи. Анын оюнча, өлкөдө футболду өнүктүрүү үчүн «ар бир үйдө футбол талаасы» деген программасын ишке ашыруу керек. Камсыздап турууну үйдүн тургундары моюндарына алышмак, пайдаланганда да көбүрөөк адамдар болмок.  

Белгилей кетели, спорт, дене тарбия жана жаштар иши боюнча Мамлекеттик агенттиги ар тараптуу иш аткара турган жаңы футболдук стадиондун курулушуна катышуу үчүн инвестор издеп жатат.

«Бул долбоорду ишке ашыруу өлкөдө футболдун,деги эле спорттун мындан аркы өнүгүүсүнө жакшы салымын кошуп, социалдык жактан элдин турмушун жакшыртат. Ошондой эле ордо калаабыздын инфраструктурасына ийгилик жаратат», - дейт билдирүүдө.  

Ольга Федорчук

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх