Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Кыргызстандын бардык стратегдеринин баары донорлор бизди кыйратып атат десин, деп жазып жатышат»

УКМК башкармалыгынын мурдагы башчысы өкмөт тарабынан иштелип чыккан коррупция менен күрөштүн жаңы планын сындады

Коррупция менен болгон күрөштү көзөмөлдөөчү органы барып турган «көз боочулук». Мындай деген оюн Vesti.kg сайтына УКМК экономикалык коопсуздук Башкармалыгынын башчысы Максат Мамытканов билдирди.

Түшүндүрө кетели, Өкмөт 2019-2021 жылдардагы коррупцияга каршы чараларды ишке ашыруунун планын коомчулуктун талкуусуна койду. Бул пландын арасында координация жана мониторинг иштеп чыгуу милдети бар мамлекеттик органды түзүү сунушу бар. Ал коррупцияга каршы органды зарыл болгон ыйгарым укуктар жана көз карандысыздык ресурстары менен камсыз кылуу керек.

- Өзү бар нерсени дагы бузуунун эмне кереги бар? - деп ачууланат Мамытканов. - Чындыгында бул стратегдер чет элдик донорлор бизди кыйратып атыптыр десин деп эле бир нерсени жаза берет экен. Ушундай жол менен дагы гранттарды алуу керек. Коррупция менен күрөшүү үчүн бизде прокуратураны башынан түзүштү, сот системасын бир нече жолу оңдошту. Ошол эле мезгилде бизде каржылык чалгындоо жана УКМК коррупцияга каршы кызматы бар. Иш жүзүндө бир да орган эч нерсеге жооп бербей, окррупция өскөндөн өсүп атат. Эмнеге мындай болуп жаткандыгын эч ким түшүнбөйт.

УКМК башкармалыгынын мурунку начальниги коррупция менен күрөшүү мыйзамы 2013-жылы эле жазылгандыгын белгилеп кетти.

- Бул БУУнун резолюциясы менен түзүлгөн, - деп түшүндүрдү ал. - Андан бери алты жыл өттү, жыйынтык жок. Эгерде өкмөт органдарды кантип иштетишти билбесе, анда эмне кылып отурат?

Өз кезегинде юстициянын отставкадагы генерал-майору, башпрокурордун мурдагы орун басары Кубатбек Кожоналиев министрлер кабинетинин бул демилгесинде бир иш бар дейт.

- Анткени, бүгүнкү күндө коррупция менен курөшүү коордунациясында үч орган бар:
- Башпрокуратура, Коопсуздук кеңеши жана премьер-министр, - деп эскертти ал Vesti.kg сайты менен болгон маегинде. - Эгерде ушул милдетти коопсуздук Кеңешине бергенде туура болмок. Башка мекемелердин да коррупцияга каршы координацияда орду бар. Бардык түзүмдөрдүн өкүлдөрү коопсуздук Кеңешинде болушу керек. Антпесе «Көп суур ийин казбайт, казса да кең казбайт» дегендей болот. Президент былтыр эле коопсуздук Кеңешинин координациялык ролу тууралуу айткан болчу.

Вероника Малышева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх