Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Депутат Тазабек Икрамовдон «Эл агартуунун отличниги» деген наамды кайра алып коюшу мүмкүн

Коопсуздук Кеңешинин башчысынан Кыргыз Республикасынын илим жана билим берүү Министрлигинин жетекчилиги тарабынан болуп жаткан көптөгөн мыйзам бузууларга көңүл буруусун суранат

Депутат Тазабек Икрамовдон «Эл агартунун отличниги» наамын алып салууну коопсуздук Кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаевден өтүнүшөт, анткени бул сыйлык берүү - көз көрүнө мыйзам бузуу. Бул туурасында жана билим берүү Министрлиги тарабынан кетирилген башка кемчиликтер тууралуу коопсуздук Кеңешинин Мамлекеттик коррупцияга каршы саясаттын стратегиясын ишке ашыруу боюнча көзөмөлдөөчү жумушчу топтун мүчөсү, юридика илимдеринин доктору, профессор Кайрат Осмоналиев өз оюн айтат.

Ал мекеме жетекчилери тарабынан Кыргыз Республикасынын били берүү Министрлигиндеги коррупцияны талкалоо боюнча 2016-жылы бекитилген Деталдаштырган планын аткарбагандыгын көрсөттү. 2018-жылдын жалган куранында эле министрликтегилер пункттардын жарымын жокко чыгаргандыктарын жумушчу топтун мүчөлөрү байкашкан. Алар аракетсиздикке күнөөлүү адамдарга тартиптик чара колдонууга токтом чыгарышкан.

Жети айдан соң гана билим берүү Министрлиги түзүмдүк бөлүктөрдүн жетекчилеринин бешөөнө чара колдонулду. Ошондо да министр Гульмира Кудайбергенованын кылы кыйшайган жок.

Жумушчу топтун мүчөлөрү мындай мамилени «формалдуу» деп аташты:

«Системалык коррупцияны талкалоо боюнча деталдаштырган планды аткаруу ишинде Кыргыз Республикасынын билим берүү Министрлигинин форрмалдуу мамилеси тууралуу 2019-жылдын бирдин айына карата айтылган пландын 2017-жылдын 9 айына гана план аткарылгандыгын расмий сайттагы жайгашкан маалыматтары күбө болот. Эмне менен отчет бермек эле? Мисалы, пландын 42-пунктунда «тийешелүү жаатта талапка туура келчү талапкерлердин үстүнөн көзөмөлдү күчөтүү» зарылчылыгы каралган. Ал талаптардын бири болуп мекеменин сыйлыгын алууга талапкерлердин тизмесин министрликтин сайтына жайгаштыруу болгон.

Кыргыз Республикасынын илим жана билим берүү Министрлигинин расмий сайтынын «Талкуулоо» жана «Жаңылыктар» бөлүмүндө андай маалымат жок», - дейт профессор.

Кыскасы, сыйлык тапшырууда мыйзам булган, муну Тазабек Икрамовго берилген «Эл агартуунун отличниги» наамы тастыктап турат, - деп эсептейт ал.

«Билим берүү Министрлигинин чечими КР илим жана билим берүү Министрлигинин мекеме сйлыгы тууралу абалдын 2.2 жана 2.3 пункттарын бузган, - деп түшүндүрөт ал. - 2.3 пунктта мындай деп так көрсөтүлгөн: «Билим берүүнү мыктысы» төш белгисине көрсөтүлгөн адамдын 20 жылдык эмгек жолу жана билим берүү Министрлигинен алган Ардак грмотасы болушу керек. Министр Кудайбердиевадан сыйлык алган Икрамовдун иштеген жылы педагогикалык тажрыйба жылына жетпейт жана мурда Ардак грамотасын да алган эмес.

45- пункт Кыргыз билим берүү академиясын жоюууну жана анын аткарган милдеттерин билим берүү Министрлигинин түзүмдүк бөлүкчөлөрүнүн арасында кайра бөлүштүрүүнү талап кылат. Мунун баары билим берүүнүн сапаты өтө түшүп кеткендигине байланыштуу жана өзүнө жүктөлгөн милдетти аткара алган эмес».

Анткендин ордуна мекеме болгону Кыргыз билим берүү академиясын кайрадан түзүп гана тим болду, ал жактан академиянын педагогикалык кадрларын кайрадан даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу Борборун бөлүп алып жана анын базасында Республикалык квалификацияны жогорулатуу жана педагогикалык кадрларды кайра даярдоо институтун түздү.

Бул чечимдин жыйынтыктары баарыбызга белгилүү: 2018-жылы билим берүү Министрлиги бир катар окуу китептерин чыгарды, ал китептер өзүңүздөр билгендей толтура каталары менен чыкты. Башпрокуратурадагылар 5-6 класстар үчүн «География» жана «Табият таануу» боюнча окуу китептеринин чыгарылышы Кыргыз билим берүу академиясынын техникалык комиссиясы менен биргеликте чыккандыгын тастыктады, бирок кызматкерлери болсо оз даректерине коюлган айыпты четке кагышаарын Vesti.kg сайтына билдиришти.

Осмоналиев текшерүү процедуралык мүнөздөгү мыйзам бузууну аныктайт деп ишенет, ал КР билим берүү Министрлигиндеги Деталдаштыруу планынын пунктунун аткарылышына мониторинг кылуу зарылчылыгын айтат. Министр Гульмира Кудайбергенованын иш аракеттерине укуктук баар берүүнү жана ошондой эле Икрамовго «Эл агартуунун отличниги» наамын берүү боюнча мыйзамсыз буйругун жокко чыгарууну сунуштайт.

«Бул нормативдик укуктук актыларды бузган министрликтин жетекчилигинин чектен чыккан жоруктары жана жаза албай жүрүшү мамлекеттин кадыр баркына доо кетирет жана коррупциялык кылмыш деп эсептелет», - дейт ал.

Ольга Федорчук
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх