Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Дээрлик он жылдан бери «Коопсуз шаардын» иштешин күтүп жүрүп, эми биринчи жыйынтыктарын көрүп жатабыз»

ИИМ алдындагы коомдук байкоочу кеңештин төрагасы жолдогу калган көйгөйлөр акырындык менен чечилет дейт

«Коопсуз шаар» ишке кирээри менен Бишкектеги айдоочулардын айдоо маданияты өзгөрүлө түштү. Мындай деген пикирин ИИМ алдындагы коомдук кеңештин төрагасы Ялкун Даутов Vesti.kg сайтына билдирди.

- Биз бул учурду 8-9 жылдан бери күттүк, - дейт ал. - Бир жумадан бери система иштеп жатат, жана анын алгачкы жыйынтыктары билине баштады. Жолдордо эреже бузуулар бир азга азая баштады. Жол кырсыгынын саны кыскарды.

ИИМ алдандагы КБК төрагасы жол тыгыны сыяктуу кичинекей көйгөйлөр пайда болгондугун айтат. Анткени менен бул кемчиликтер кези келгенде чечилет дейт Даутов.

- Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кечээ эле баары оң жагына чечилди деп айтты, - дейт ал.

Депутат Нурбек Алимбеков («Кыргызстан») Vesti.kg сайты менен болгон маегинде жолдо тартиптин пайда болгону байкала түштү дейт.

- Мен белгиленген орунга гана токтоп жана токтотуучу сызыктан өтпөй жатышкандыктарын көрүп жатам, - дейт ал. - Бизде эч ким айып пул төлөгүсү келбейт, анткени алардын суммасы өтө эле жогору.

Депутат көчөдөгү тыгындарды жок кылуунун үстундө иштөө керектигин моюнга алат. Анын оюнча, жетишээрлик көңүл бурулуп жана тийешелүү техника болсо бул көйгөй чечилет дейт. Кечээ министрлер кабинетинин башчысы «Коопсуз шаар» долбоорун ишкен ашыруу маселеси тууралуу жыйын өткөрдү. Абылгазиев көп жылдан бери биринчи жолу көчөдөгү кырдаалдын өзгөргөндүгүн жана жол эрежесин бузуулардын азайгандыгын байкагандыгын белгиледи.

Премьердин сөзү боюнча, көпчүлүк айдоочулар жол инфраструктурасынын начардыгына жана жолдогу тыгынга карабастан жол эрежесин сактап жатышат.

«Долбоорду ишке киргизүу бир нече инфраструктура жана жол кыймылынын көйгөйлөрүн ачыкка чыгарды», - дейт ал.
Көчөлөрдүн сыйымдуулугу көчө кыймылынын талабына жооп бербейт. Бул айрыкча эл тынымсыз каттап турган автожолдордо жана көчө кесилишинде байкалат. Транспорт агымы өзгөрүп, автомобиль тыгындары пайда болду.

Премьер оңтойлуу жана ойллнуштурулган жол -уна системасы менен камсыз кылууну тапшырды. Жолду светофордук башкарууга терең анализ кылып, көңүл бурууга чакырды.

«Шаардыктардын ою боюнча, алдыда дагы аткара турган көп иштер турат, - деп мойнуна алды Абылгазиев. Бизди жарандар менен айдоочулардын өз ара сунуштары кубандырат. Менин оюмча бир жарандардын пикирлерин эске алуу менен өз жолдорубузду коопсуз жана оңтойлуу кылабыз» .

долбоорду ишке киргизген учурдан баштап 9 миң 70 эрже бузуу катталганг, анынг жарымы аныталып жатат.

Ольга Федорчук
сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх