Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Москвада «Росипподромдун» башчысы көк бөрүнү колдоду (видео)

Николай Исаков бул оюнду Орусиянын масштабында таркатууга болоорун белгиледи

Жергиликтүү журналист Лазат Такырбашова  Vesti.kg сайтына «Росипподром» ААК башкы директору Николай Исаковдун анын берген суроолоруна жооп берип, бул кыргыздын улуттук оюну болгон көк бөрүнү Орусия Федерациясынын аймагында жайылтууну колдоого даяр экендигин билдирген видеону бөлүшту.

 

 Исаков баса белгилеп кеткендей, көк бөрүнү Орусия Федерациясынын аймагында туура жана сабаттуу уюмдун аркасында жайылтууга болот.

 Эске салсак, бирдин айынын жыйырма төртүндө Москвада Мекенди коргоо күнүнө арналып көк бөрү боюнча мелдеш өттү. Ошол мелдештен кийин орусиялыктар нааразы болуп петицияго кол топтой башташкан. Алар кыргыз улуттук оюну көк бөрүнүн Орусия Федерациясынын аймагында ойнолбосун деп каршы чыгышкан. Алардын оюнча кыргызстандыктар аттарга таш боордук менен мамиле кылышкан.


Медина Купсулдаева

Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх