Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Биздин мекендештер бийликке анча ишенбейт»

Эксперт мигранттардын балдары үчүн интернаттын ачылышы Кыргызстандан элдин агылып чыгып кетишине шарт түзөт дейт

Мамлекеттин мигранттарга тыюу салган чаралары таасир этпейт. Мындай деген ойду Vesti.kg сайтына миграция жаатынын эксперти жана «Замандаш» партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов бөлүштү.

Түшүндүрө кетели, Жогорку Кеңештин депутаты Сагындык Келдибаев Кыргызстанда мигранттардын балдары үчүн мектеп-интернат ачалы деп сунуш кылды. Анын айтымында, бул нерсе ата энелери чет мамлекетте жүргөн балдардын билим алышына шарт түзөт.

«Эгерде балдарын интернатка берүүнү каалашпаса ата энелеринин бирөөнү чек арадан чыгарбоо керек», - деп жазышат анын сөзүн ЖМК.

- Депутаттын эч качан мигранттар менен иштебегендиги жана чыныгы көйгөйдү билбегендиги көрүнүп турат, - деп белгиледи Молдокматов.

- Мигранттар бийликке ишенбейт, тактап айтканда парламентке. Эгерде депутаттар биздин жарандарга чек арадан чыгууга тыюу салып койсо, анда алар депутаттарды «ары ойно» деп коюшу мүмкүн. Анткени кыргызстандыктар чындыгында үй бүлөсүн бакканы кетип жатат да Орусияга.

Ал мигранттардын балдарынын көйгөйүн чечүү керектигин, бирок мындай жол менен чечилбестигин кошумчалады.

- Эгерде аларга интернат ачсак, анда аларды дагы көбүрөөк кетүүгө түрткү берип коёбуз, - деп түшүндүрөт «Замандаштын» төрагасы. - Мындай учурда мурда депутаттар сунуш кылган мыйзамды кабыл алуу керек, ата энелери бага турган туугандарына милдеттендирип каттатыш керек. Мындай болгондо кепилдигин алган тууганы бала бир нерсе болсо мыйзам алдында жооп берип калат. Алимент тууралуу да карап көрүү керек, анткени көбү үй бүлөсүн таштап Орусияга кетип калып жатышат.

Вероника Малышева
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх