Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Акылбек Жапаров тамашалап эле койгон болсо экен»

Эксперттер Кырыгзстандын бир облусун өнүккөн мамлекеттерге берип көтөрөлү деген идеясын сынга алышты

Кыргызстандын облустарын башка өлкөлөргө берип өнүктүрүү, коңшуларга өзүйүңдүн бөлмөсүн берип оңдотуу менен барабар. Мындай деген пикирин Vesti.kg сайтына саясат таануучу Бекбосун Бөрүбашев бөлүштү.

- Мен көп жылдан бери илим изилдөө иши менен алектенип жүрөм, бирок мында шумдуктууну кккан эмесмин. Облустарды башка мамлекеттерге бюерип өнүктүрөлү деген ой түшүмө да кирген эмес, - деп белгилейт ал. - Акылбек Жапаров тамашалап койгон бролсо экен эми.

Бекбосун Ишенбекович депутаттын идеясын талкууга алгандан мурун, ошол айтылган өлкөлөр Кыргызстандын облустарындагы жолдорду оңдогусу келет бекен, ошон сураш керек, деп кошумчалады.

- Ооба, бизге көп өлкөлөр гранттык жардам беришти, бирок бул биздин кызыкчылыкка каршы кылынды дегенди түшүндүрбөйт да, - деп тушүндүрөт ал. - Ошол гранттар кайда кеткендигин ошол Жапаровдун өзүнөн сураш керек, ага да тийешеси бар. Анткени ал мурда каржы министри болгон, акча каражаты кандай бөлүштүрүлгөндүгүн билсе керек.

Түшүндүрө кетели, депутат Акылбек Жапаров журналисттерге интервью берип жатып, Кыргызстандын облустарын өнүккөн мамлекеттерге берип көтөрөбүз деген сунушун айтты.

Эл өкүлү Кыргызстанга чет мамлекеттен гранттык чоң суммалар келип жатат, бирок алардын кайда кеткендиги белгисиз деп тушүндүрдү.

«Келгиле, Японияга Нарынды же Баткенди берели. Жолун куруп, саламаттык сактоону өнүктүрүп, билим берүүнү жакшыртсын. Дагы башка аймактарды Америкага же Орусияга берели. Анан ошол аймакка ошол өнүктүрүп берген мамлекеттин байрагын илип коёлу, кандай болгондугун билүү үчүн», - деп келтиришет ЖМК анын сөздөрүн.
Акылбек Жапаров эгерде зарыл болсо ушундай мыйзамдолбоор жазууга даяр экендигин билдирди.
Өз кезегинде экономика илимдеринин доктору Асылбек Аюпов Кыргызстан облусубузду өнүктүрүп бер деп Япониядан суранса, алар сөзсүз ордуна бирдеме сурайт дейт.
- Акылбек Жапаров биз ал өнүктүрүүнү кандай баага алаарыбыз тууралуу айтпай жатат, - дейт ал Vesti.kg сайтына. - Акысыз бир да мамлекет мындай нерсе менен алектенбейт. А бизде эмне бар бере турган? Бир гана кен байлыгыбыз бар. Ошону казып алышат да, «Кайыр кош» айтып кете берет. Облус тууралуу идея - бул фантастика.

Вероника Малышева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх