Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Канатбек Исаев: Көк бөрүнүн эрежесинен шылтоо кылып, бөйрөктөн шыйрак чыгарбагыла

Жогорку Кеңештин депутаты ЖМК жарыя болгон документ боюнча түшүндүрмө берди

Кыргызстандын «Көк бөрү» Федерациясынын эл аралык федерацияга кириши көк бөрүнүн эрежеси өзгөрдү дегенди билдирбейт. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйынында «Көк бөрү» федерациясынын экс-президенти Канатбек Исаев билдирди.

- Мен убагында бир убакта эки федерацияны башкаргам, - дейт эл өкүлү. «Көк бөрү» Федерациясын дээрлик алты жыл башкардым. Ошол эле убакта «Аргымак» деген Федерацияны эки жыл башкардым. Тилекке каршы бүгүн айрым адамдар менин федерациядагы ишиме кайдагы тарыхый хронологиялык окуялар,эрежелер боюнча баа берип жатышат. Бул кишилердин өздөрү эч качан команда түзгөн да, аны башкарган да эмес. Алар каржылаган да эмес жана өздөрү да бул оюнду ойногон эмес, ал эми бүгүн болсо эксперт катары сүйлөп жатышат. Мен жаш кезимден ат үстүндө чоңойгом жана азыркы күнгө чейин улак чабам.

Эл өкүлү мурунку федерациянын жетекчисин которууга кызыкчылыгы болбогондугун түшүндүрдү.
- Көк бөру боюнча эл аралык бирикмеге киргенден кийин эч кандай өзгөрүү деле болуп кеткен жок, - деп улантат Исаев. - «Көк бөрү» федерациясынын жыйыны болгондугун билдирем. Мен документтерди көрсөттүм. Аталышы боюнча эч кандай өзгөрүүлөр жок. Эл аралык федерация биздин «Көк бөрү» федерациясынын жетекчилигине чакыруу берген. Ошол конгрессте тилекке каршы оюндун эрежесине өзгөртүү киргизилген. Бирок муну шылтоо кыла көрбөгүлө. Мен азыркы жетекчилик эски эреже менен ойноо боюнча иш алып барат деп ойлойм. Бизде мурунку жетекчини которуу кызыкчылыгы болгон эмес. Биз болгон ушул спорттун түрүн өнүктүрөлү дегенбиз.

Ошону менен бирге, Канатбек Исаев коомчулук кызыккан суроолорго жооп берип жатып оюндун эрежеси өзгөрбөгөндүгүн айтты.

- Улуттук федерациянын эл аралык бирикмеге кириши менен көк бөрүнүн эрежеси өзгөргөн жок, - деп кайталады ал. - Андай нерсе бул документте жок. Ал жерде жөн гана улуттук ат оюндарынын түрү эсептелген.

Эске сала кетели, кечээ ЖМК Канатбек Исаев кол койгон 2013-жылкы документтер жарыя кылынган. Анда түрк элдеринин улуттук спорт оюндарынын Бирикмеси түзүлгөн. «Көк бөрү» Федерациясынын өкүлдөрү Жогорку Кеңештин депутаты Канатбек Исаев Кыргыз Республикасынын көк бөрү Федерациясынын президенти болуп турган чакта казак тарап менен ойногондо кыргыз командасы көк пардын эрежеси менен ойноого макул болгон келишимге кол коюп салгандыгын билдиришкен.

Сүрөт www

 

 

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх