Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Депутат Рыскелди Момбековду УКМК суракка чакырдыбы?

Улуттук коопсуздук Мамлекеттик кызматындагылар мекемеге эл өкүлү эмнеге чакырылгандыгын айтып беришти

Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбековду УКМК суракка чакырды. Бул тууралуу «Bulak.kg» сайты билдирет.

Басылма улуттук коопсуздук Мамлекеттик кызматы эл өкүлүн «ТЭЦ-2» жаңы конушунун тургундары менен жоолугушуудагы сүйлөгөн сөзүнө байланыштуу чакыргандыгын түшүндүрдү.

Vesti.kg сайты жогорудагы маалыматты тактоо максаты менен УКМК маалымат кызматына кайрылды, андагылар депутат чынында эле мекеменин имаратына келгендигин билдиришти.

- Аны суракка чакырышкан жок, - деп тактады маалымат катчы Рахат Сулайманов. - Азыр Жогорку Кеңештин депутаты менен УКМК төрагасынын жумуш жоолугушуусу болот.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх