Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Экс-спикер: «Жогорку Кеңеште трайбализм гүлдөдү, депутаттар өз адамдарын аппаратка орноштуруп жатышат»

Мурунку төрагалар Дастан Жумабековдун сабатсыз жазылган каты тууралуу жаңжалга комментарий беришти

Грамматикалык катасы бар документке Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабековдун кол койгону, парламенттин аппаратындагы кадр көйгөйүнүн көрсөткүчү болуп калды. Мындай деген оюн Vesti.kg сайтына Жогорку Кеңештин мурдагы спикери Зайнидин Курманов бөлүштү.

- Күн сайын тоодой болуп үйүлгөн документтер келет, анын баарына акол коюшу керек, - дейт Курманов. - Баарын окуп чыгууга мүмкүнчүлүк жок, ошондуктан кагаздар тийешелүү бөлүм аркылуу өтөт. Ошондуктан аппараттан көп нерсе көз каранды. Интернетте пайда болгон документ спикердин эмес, кызматкерлердин сапатсыз ишинен болуусу мүмкүн.

Ошону менен бирге, Курмановдун сөзү боюнча, Жогорку Кеңеште трайбализм күчөп кеткен, кызматка да сунуш менен алышат.

- Депутаттар өз кишилерин ар кандай кызматтарга түртүшөт, аларды анан орношт урбай көр. Коркутуп киришет, силерге керектүү кылып шайлабай коём дешет, - дейт ал. - Мындай шартта кадрларды даярдоонун кажети деле жок болуп калат. Биздин өлкөдө Мамлекеттик кадр кызматы бар, ал мамлекеттик органдарды сапаттуу кадрлар менен тейлеп турат. Биро ал кызматтын Жогорку Кеңешке тийешеси жоктой. Бирок парламенттин аппаратына Мамлекеттик кадр кызматынын жардамы менен алууну ойлонуш керек болуп калды. Мындай боло турган болсо Жогорку Кеңештин кызматкерлери мыйзам менен корголот, аларды ар кайсы депутат келип бошотуп жибере албай калмак.

Зайнидин Карпекович төрага болуп турганда эч качан факсимилден эч качан колдонбогондугун айтты.

- Мен документтерге дайыма өзүм кол койчумун жана Дастан Жумабековго да ошондой кеңеш берем, - деп белгиледи ал. - Мен аны бул жаңжалдан сабак алат деген ойдомун.

Өз кезегинде дагы бир мурдагы спикер Ишенбай Кадырбеков төрага деген бардык документтердин көрүшү арыл деп эсептейт.

- Жогорку Кеңештин аппаратында өтө күчтүү команда иштейт, алтургай президент менен өкмөттүкүнөн да күчтүү, - дейт ал Vesti.kg сайтына. - Документ кайдадыр жөнөтүлөөрдүн алдында бир сыйра колдон өтөт, ошонун ичинде корректор да болот. Менимче интернетте шардана болгон катты тийешелүү бөлүмгө жардамчылары жиберишкен эмес.
Эске салсак, мурда тармактарда спикер Дастан Жумабековдун прмьер-министрдин атына жазган орфографиялык каталары бар каты жарыя болгон эле.

Кийинчерээк парламенттин маалымат кызматы каттын чыныгы экендигин тастыктады, анткени менен катты спикердин өзу эмес аппараттын кызматкери жазган.

Вероника Малышева
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх